128.02.2023  11:12

Айылдардын инфратүзүлүшүн жакшыртуу жашоочулардын жашоосун жеңилдетет жана коопсуздук маселелеринин чечилишине жардам берет.

“Эрайым” уюмунун долбоорлору аркылуу түзүлгөн өз жардам топтору жана анын биримдиктери жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди чечүүдө маанилүү ролду ойношот.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын «Керме-Тоо» ӨЖТ Биримдиги жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташуунун негизинде 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп, көчөлөрдү жарыктандыруу иштерин жүргүзүштү. Ишкаван айылындагы Оомат көчөсүн бойлой 10 даана электр мамылары орнотулду.

«Көчөлөрдү жарыктандыруу эң жакшы демилгелердин бири, буга чейин Ишкавандын ички көчөлөрүндө жарык жок болсо, азыр көчөбүз жарыктандырылып, түнкүсүн коопсуз болуп калды», - дейт "Керме-Тоо" ӨЖТ Биримдигинин мүчөсү Авакан Нышанова.  

2

3

4

Эрлан Давлатов, Ош облусу