101.02.2023   10:48

“Гүлбахор” жана «Жаштар» өз жардам тобпторунун мүчөлөрү Шарк айыл аймагында эки тигүү цехин бириктиришти. Биригүүнүн негизги максаты эки топтун киреше булактарын көбөйтүү жана жаңы иш орундарын түзүү болуп саналат.

Аталган топтор Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагынын Кош-Таш айылында 2014-2015-жылдары уюшулган. “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун төртүнчү фазасында көптөгөн окуу көнүгүмдөргө катышып, өнүгүү үчүн пайдалуу билим жана көнүмдөрдү алышты.

2023-жылдын февраль айында көздөгөн максатын ишке ашыруу үчүн 2 топтун мүчөлөрү биригип, иштеп жаткан тигүү цехтерин кеңейтүү максатында ортолук сактоолуктарынын эсебинен 60000 сомго тигүүчү машиналарды, 20000 сомго оверлок, 5000 сомго 2 үтүк сатып алышып, 10 аялга жумуш орундарын түзүштү. Азыркы тапта 1 күндө 50 аялдын ар кандай көйнөктөрүн тигишип, ар бир тиккен көйнөгүнө 100 сомдон акча алышат. Жалпы 10 адамдын тапкан акчасы 5000 сомду түзүп, бир айда 125000 сомдун тегерегинде акча табышууда. Тапкан акчанын 5000 сому чыгашаларга кетип, анын 1000 сому электр энергиясына, ал эми 4000 сому салык төлөмдөрүнө жумшалып, 120000 сом таза киреше көрүшүүдө. 120000 сом 10 аялга 12000 сомдон айлык иретинде бөлүнүүдө. Аталган өз жардам топтору өз жигердүүлүктөрүн көрсөтүшүп, жергиликтүү экономикалык өсүүгө салым кошуп жатышат.

2

3

4

Эрлан Давлатов, Ош облусу