Тобокел үй-бүлөдөгү балдар менен иш алып баруудагы социалдык-психологиялык ыкмалар
14.12.2022 14:46
Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында “Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен иштөөнүн социалдык-психологиялык ыкмалары” деген темада үч күндүк тренинг болуп өттү.
Тренингди республикадагы тажрыйбалуу психолог, “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борбору” коомдук фондунун жетекчиси Чынара Термечикова өткөрдү. Тренингге мектептердин социалдык педагогдору, райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу адистери, райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, Базар-Коргон районундагы Кеңеш, Бешик-Жон жана Сейдикум айыл аймактарынын социалдык кызматкерлери катышты.
Тренинг төмөнкү үч бөлүктү өзүнө камтыды:
- “Эмоцияларды башкара билүү, же эмоциялар биздин жардамчыларыбыз”, мында балдар менен ата-энелердин ортосундагы эмоционалдык кырдаалдардын эрежелери жана сунуштары талкууланды;
- “Стрессменеджмент, ресурстарды сактап калуу жөндөмдүүлүгү”. Бул жерден катышуучулар стресс, анын кайдан келип чыгышы, стресстен чыгуунун жолдору жана ыкмалары тууралуу маалымат алышты.
- “Өзүн жана башкалар менен тынчтыкта жашоо”, мында травма, балалык травмалар, бул травмалардын кайдан келип чыгышы, баланы тарбиялоонун ыкмалары, теориялык көз караштары, кабыл алуу жана ишеними боюнча талкуулар ачылган. Ар бир сессия талкуу жана практика менен коштолду.
- Азыркы оош-кыйышы көп, адам баласы бири-бири менен түшүнүшө албаган, социалдык муктаждыктар чегине жетип турган чакта психологиялык окутуулар абдан зарыл экен-деп, белгилешти катышуучулар. Негизи ар бир катышуучу травма деген эмне экенин билишпегендигин, билишсе да ага маани бербей келишкенин белгилешти. Ошондой эле баланы төрөлгөндөн кийин эмес, курсактагы кезинен тарбиялай башташ керек экендигин билишкенин айтышты. Биздеги менталитетти эске алганда тарбиялоо жаатында баланы кичинесинен ыксыз тыюулар менен тарбиялайбыз. Мисалы, “антпе, андай болбойт, андай бол, мындай бол...” – деген сыякктуу тыюулар болот. Дал ушул тыюулар баланы стресс абалга алып келет. Оюн ачык айт албайт, ата-эненин сөзүн укпай койгон ирмемдер да болот. Биз бул сабакта ушундай кырдаалдан кантип чыгуунун жолун үйрөндүк. Мындай окутуулар бизге абдан керек-деди, тренингдин катышуучусу, Бешик-Жон айыл аймагынын соцадиси Райкан Дыйканова.
Ал эми Бешик-Жон айыл амагынын №42 орто мектептин соцадиси Назира Чоноева
- Балдардын жаш өзгөчөлүгүнө, а түгүл төрөлө элек кезинде да канай мамиле жасоо керектигин билип алдык. Эне катары балага жана үй-бүлө мүчөлөрүнө кандай мамиле жасоокеректигин билдик. Чынара эжеке бизге ушул жагынан көптү үйрөттү. Бала тарбиялоонун этаптарын билдик. Балага канчалык туура мамиле жасасак, алардын да жоопкерчилиги пайда болот. Ар бир күндү тим өткөрбөстөн, тапшырма алып жаттык. - дейт, ал.
- “Бактылуу күнүңдү эстей аласыңбы?” – деген темада ар бирибиз эсте калган нерселерибизди айтып бердик. Анан ушул суроону үйгө барып, балдарыма бердим. Мисалы, менин балам сыртка чыгып тыйын утуп келиптир. Ошол анын турмушундагы эң бактылуу ирмеми экен. Мен ушундан улам балдарыбыздын ар бир күнү кандай өттү, эмнени ойлоп жатат, кандай максаттары бар сурап турушубуз керек экен. Мен бул тренингге катышуу менен эң алдын өзүмдө өзгөрүүнү байкап жатам. Мурда жумуштан чарчап барсам, үй ичи чачылып жатса, балдарымды катуу урушуп койчу элем. Ошондо өзүм деле кыйналчуумун. Көрсө, антпеш керек экен. Баланын аң сезимине, жан дүйнөсүнө катуу тиет тура. Анан жолдошум дагы мендеги өзгөрүүнү байкап, “ушундай окууларга көп катышып турчу” – дей баштады - дейт, тренингдин катышуучусу, Кеңеш айыл аймагынын 1-Май мектебинин соцмугалими Махбуба Абдурахманова.
- Күн сайын өзүбүз окуп, үйрөнүп турушубуз керек. Билбегенибиз өтө көп. Балалыктан тартып, өспүрүм куракта эмне кылуу керектигин билдик. Өспүрүм куракта пассивдүү, активдүү көрүнүштөр таасир этет. Балага кандай тарбия берсек, ошондой жооп алат экенбиз. Тобокел топтогу балдар, алардын чөйрөдөн алган таасирлери боюнча, психологиялын тармактары, стресс, дистресс боюнча да эң сонун маалымат алдык. Жаңы туулган бала да стресске кабылышы мүмкүн экен. Практикалык,этикалык, сынчы ой жүгүртүү боюнча да маалымат алдык. Ой жүгүртүү, эс тутум, баланын ойлоосу, кыялдануусу, максат кое билүүсү жөнүндө да билдик -деп, билдирди Кеңеш айыл аймагынын соцадиси Тамара Юсупова. Ошондой эле ал “Эрайым” АКБсы менен болгон кызматташтык тууралуу ыраазычылыгын билдирүү менен бул тренингде дагы көп жакшы маалымат ала алгандыгын кошумчалады.
- Мектептерге барып,балдардын үнүн угушубуз керек экен. Бир эле соцадис эмес, Аялдар кеңеши да майрмдарда бир нерсе өткөрүү менен чектелбей, эл арасында көп болуп, башка уюмдар менен биргеликте мектепптерге чыгып, окуучулар менен баарлашып,алардын оюн угуу зарыл экен. Анан балдар менен иштөөдө сыртта жүргөндөрдү да тартып,аларга да түшүндүрүү иштерин алып баруу зарылдыгы турат. Сыртта жүргөндөрдү, үйүндө олтурган кыз-келиндерди да тартуу зарыл.-деп, кошумалады ал. Башка катышуучулар да ой бөлүшүп, негизи мындай окутуу-тренингдер абдан керектигин белгилешти. Ал эми тренер Чынара айымдын айтуусунда “бул жолку үч күндүк окутуудан ырасында да катышуучулар психологи темасындагы эң керекттүү жана маанилүү маалыматтарды алышты. Алардын өзүндө да өзгөрүүлөр байкалды. Келерки жылдын март айында экннчи тренинг өтүлөт. Ошондо активдүү катышкан, пайдалуу билим алгандарга сертификат берилет. Андай документке ээ болгондор жер-жерлерде, иштеген аймактарында тренинг өтүү укугуна да ээ болушат”
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу