013.12.2022  10:10

2022-жылдын 10-декабрында “Эрайым” уюму Германиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган кышкы жарманкеге катышты. Мында республиканын бардык аймактарынан келген «Эрайым» уюму тарабынан түзүлгөн аялдардын өз жардам топторунун ар түрдүү продукциялары сатыкка коюлду.

Тактап айтсак, Мады айыл өкмөтүнүн «Даткайым» ӨЖТу өндүргөн бал, Нарын облусунун Чаек районундагы Көк-Ой айылында түзүлгөн «Ийгилик» ӨЖТнун өндүргө “Эмел” газдалган минералдык суусу, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош областтарындагы өз жардам топторунун алма, алмурут, курма, күрүч жана башка продукциялары. Жарманкенин алкагында башка өз жардам топтору жана жеке адамдар дагы өз продукцияларын сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Алардын арасында Алтынай түстүү токулган үй тапочкаларын, Айша эже жүндөн токулган баш кийимдери жана улуттук кийимдерди, Базар-Коргондон “Айкөл” эне мектебинин тарбиячылары жаш балдар үчүн үйдөн даярдалган китеп, ар кандай сумкалар жана аялдардын улуттук жасалгалар, кургатылган жемиштер, курут жана башкалар. Бул салттуу Рождество базары болгондуктан, биз көптөгөн түстүү жана жаңы жылдык печеньелерди бышырдык. Нан бышырууга бир нече ыктыярчылар катышып, алар бир нече саат бою камыр даярдап, ванилин менен нан печеньесин, ошондой эле пряниктер менен печеньелерди кесип жатышты.

Иш-чара Бишкектин чок ортосундагы Штайнброй немис ресторанынын короосунда өттү. Адаттагыдай эле ар кандай тамак-аш, суусундуктар жана кол өнөрчүлүк буюмдары сатылган көптөгөн стенддер жана чатырлар орнотулду. Көптөгөн коноктор ал жердеги соодагерлерден Рождестволук белектерди сатып алууга, ошондой эле Эрайым сыяктуу жергиликтүү бейөкмөт уюмдарды колдоо үчүн келишти. Бул биздин ушул форматтагы Рождество базарындагы биринчи тажрыйбабыз болду. Аба-ыраайынын сууктугуна карабастан, абдан жагымдуу атмосферада көп нерсени үйрөндүк, коноктор менен маектешип, ырахат алдык жана команда катары жакшы убакыт өткөрдүк.

Бул иш-чарага катышып, өз жардамдарын көрсөткөн ыктыярчыларга, атап кетсек печенье бышыруудагы аракеттери үчүн - Сара, Ева, Ига жана Лилияга, кооз этикеткаларыбыздын дизайнын иштеп бергендиги үчүн Лилияга, соодага жардам бергендери үчүн Тахмина менен Максатка чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ал эми атайын убакыттарын бөлүп, Кыргыз Республикасындагы ишкер айымдарды жана Эрайымдын ишин колдоп келген тилектешттерге дагы чоң ыраазычылык.  

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10