315.06.2022  11:40

Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караштуу Кайырма жана Кош-Коргон айылдарын байланыштырып турган жол, Ош-Бишкек трассасын кесип өтөт. Акыркы учурда Ош-Бишкек трассасы оңдолуп түзөлүп, айдоочуларга ыңгайлуу шарт жаратуу аракеттери күч алган.

Бирок, дал ушул жол аркылуу ар бир айдоочу ылдамдыкты күчөтөт, себеби, зымыраган асфальт жолдо эч кандай жол белгилери да коюлган эмес. Ошол эле учурда ылдамдыкты азайтуу боюнча эскертүү белгиси да жок. Ошондуктан дал ушул жерде ар кандай жол кырсыктары да көбөйүп, кээде адам өмүрүн алган учурлар да катталып жатат. Ошондой эле трассанын жолу жаңы салынгандыктан,эки айылды байланыштырып турган жолдон бийик болуп,мындан эки айылдан чыккан айдоочуларга көйгөй жаратып келген. Себеби трассанын оң жана сол тараптары, трасса жолунан кыйла төмөн болуп калган.Аны трасса жолу менен теңдөө керек. Мына ушундай көйгөйлөрдү жоюу үчүн Акман айыл аймагына караштуу “Асылзат” ӨЖТБнин мүчөлөрү жергиликтүү бийлик органдарына көп кайрылышкан.Бирок майнап чыкпай келген. Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясына да кат аркылуу кайрылышкан. Бул боюнча Кош-Коргон айылында ачык асман астында жергиликтүү тургундар, аким,айыл өкмөтү, ЖК депутаттары,жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү, РОВД өкүлдөрү болуп жыйын өткөрүштү. Жыйынтыгында ушул жылдын башында жогоруудагы аталган жолго жөө адамдар өтүүчү кыя жана жол белгилери коюлуп, трассанын оң жана сол тараптагы жолдору, техникалардын жардамы аркылуу шагыл,кум төшөлүп, трасса жолу менен теңелди.

Белгилей кетели бул иш чара “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюшулган өз жардам топтору тарабынан өткөрүлдү. Айрыкча Акман айыл аймагында уюшулган “Асылзат” өз жардам топторунун Биримдиктеринин жергиликтүү көйгөйлүү маселени чечүүдөгү аракеттери күч. Алар тургундарды шыкактоо жана талам талашуу багытында элдин сезимин ойготуп, аларга шык берип келишет.

1

2

3

4

5

6

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу