13.06.2022  14:025

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаары жана Акман айыл аймагындагы өз жардам топторунун Биримдиктери кезек-кезек өз аймактарындагы элдик жыйындарга катышып турушат.

Мында алар эн алдын өздөрү алып барган иштер тууралуу, көтөрүлгөн маселелер жана алардын ишке ашырылышы жагдайында эл алдында отчет беришет. Кезектеги мына ушундай жыйын ”Ак-Тилек”, “Акыйкат”,”Асылзат” ӨЖТБнин жетекчилеринин катышуусунда өттү. Жергиликтүү башкаруу органдары жана жергиликтүү жашоочулар менен жакындан иштешип келе жаткан аталган ӨЖТ Биримдиктеринин жетекчилери М.Сатыбалдиева, З.Жолдошова жана К.Эргешовалар өздөрүнүн жашаган айылынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошуп жаткан салымдары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле жыйын суроо-жооп форматында өтүп, жарандар тарабынан көптөгөн суроолор берилди. Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 2021-жылдагы аткарылган жумуштар жана 2022-жылы аткарууга пландалып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берип өтүштү. Андан соң шаар кеңешинин, айыл кеңешинин,аксакалдар кеңешинин, аялдар комитетинин өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жер, таза суу, сугат суу,айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгү, айылдагы көйгөйлүү маселелер, жайыт жана айыл чарба тармагындагы орчундуу делген маселелер боюнча маалыматтар берилди.

Мындай жыйындар элет элинин жашоосуна жакшы пайда берет. Себеби, бардыгы ачык айтылып, айкын маселелер ортого салынат, талкууланат. Кандай маселени ишке ашырса болот, жергиликтүү калктын муктаждыгы эмнеде деген суроо коюлат.

1

6

4

3

 

65

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу