306.06.2022   10:40

Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагына караштуу Кош-Коргон, Кайырма айылдарында ӨЖТ мүчөлөрүнө жана кызыктар тараптарга “Мөмөлүү бак дарактарды туура отургузуу”, ”Мөмөлүү бак-дарактарды бутоо”, ”Мөмөлүү бак-дарактарды кыйыштыруу”аталышындагы темалар боюнча агроном-машыкчы Маматов Тойчубай тарабынан окуу көнүгүмдөр болуп өттү.

Мында окуу көнүгүмдүн катышуучулары окуунун биринчи күнүндө, мөмөлүү бак көчөттөр жөнүндө түшүнүк алышты. Мөмөлүү бактардын сортторуна көңүл бурулуп, анын сапаты, экономикалык жактан кирешелүүлүгү боюнча түшүндүрүлдү. Андан соң бак көчөттөрдү отургузууда жергиликтүү багбандар кетирген кемчиликтери аныкталып, көчөттөрдү туура отургузуу технологиясы түшүндүрүлдү. Практикалык бөлүктө бак көчөттөрдү туура отургузууну иш жүзүндө көрсөтүлдү.

Окуу көнүгүмдүн экинчи күнүндө окуунун катышуучуларына мөмөлүү бак-дарактарды бутоонун ыкмалары-бутактарды суюлтуу, бутактарды кыскартуу ыкмалары түшүндүрүлдү. Мөмөлүү бак-дарактардын бутоо мөөнөттөрү- кышкы, жазында, жайында бутоонун өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат берилди. Негизинен бутоону дарак уйкуга киргенден баштап, бүчүр ойгонгуча жүргүзүлөрү айтылды. Кышкы, жазгы бутоонун оң жана терс жактары түшүндүрүлдү. Мөмөлүү бак дарактардын түрлөрүнө жана сортторуна карап бутоо жүргүзүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири түшүнүк берилди. Окуунун практикалык бөлүгүндө багбандын бак короосунда, бактардын түрүнө карап иш жүзүндө бутап көрсөтүлдү.

Окуу көнүгүмдүн үчүнчү күнүндө окуунун катышуучуларына,мөмөлүү бак дарактарды кыйыштыруунун ыкмалары - чыбыктан жарып кыйыштыруу, чыбыктан кабыкка кыйыштыруу, кыйгач кесип кыйыштыруу, бүчүрдөн кыйыштыруу түшүндүрүлдү.

Кыйыштыруунун мөөнөттөрү – кышында чыбыктан жарып улоо, жазында чыбыкты кабыкка улоо, жайында бүчүрдөн улоо убактылары айтылды. Кыйыштыруу мөөнөттөрү өз убагында болбосо, кыйыштырылган дарактар көктөбөйт. Кыйыштыруу чыбыктарды даярдоо бир жылдык өсүндү чыбыктар, уйкудагы чыбыктар (жировой побег) гүлдөөчү чыбыктардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө да маалымат берилди. Окуунун практикалык бөлүгүндө багбандын бак короосунда, бактардын түрүнө карап иш жүзүндө кыйыштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле бул алты күндүк окуу көнүгүмдө, катышуучуларга органикалык жер семирткичти алуу үчүн биогумус жана компост жасоону, агроном машыкчы практика жүзүндө көрсөтүп берди.

1

2

3

4

5

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу