Ой жүгүртүү жана коомчулук менен мамиле түзүү багытындагы үч күндүк окутуу
19.04.2022 17:39
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда уюшулган ӨЖТ биримдиктеринин ордо мүчөлөрү үчүн үч күндүк тренинг уюшулду.
Анын башкы темалары «Ой жүгүртүүнү өнүктүрүү» жана «Коомчулук менен мамилелешүү, PR-өнөктүк» деп аталып, “Эрайым” уюму менен кызматташ болуп келген Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматтын өкүлү Каныкей Мырзаева тренингди жүргүздү.
Аталган тренингдеги башкы максаты инсандагы ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн мааниси, түрлөрү, сынчыл ойлом жана ишмердүүлүктөрдө колдонуунун мааниси, коомчлуку менен мамиле түзүүлөрдүн мааниси жана өнөктөштүк багытында маалымат берүү. Тренердин белгилөөсүндө “атышуучулар темалар боюнча ой жүгүртүү жана инсандык өнүгүүдө таанып билүү боюнча активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Сынчыл ойлом темасына келгенде катышуучулар өздөрүнө байкоо жүргүзүүнү үйрөнүштү. Креативдүү ойлонгон адамдарда максатка жетүүдө, чечимдерди тандоодо, өзүн өзү баалоодо натыйжалуу болоорун мисалдардын негизинде айтып берип жатышты” - деп белгилейт тренер айым.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу