«Ак тилек» ӨЖТ Биримдигиндеги үч күндүк окутуу
19.04.2022 16:33
Долбоордун алкагында уюшулуп, аракеттерин жүргүзүп жаткан Базар-Коргон районундагы “Ак тилек” ӨЖТ Биримдигинин жалпы мүчөлөрү үчүн «Кичи ишкерликти баштоо» жана «Ишкерликти өнүктүрүү» деген аталышта үч күндүк окутуу жүрдү.
Аны тажрыйбалуу тренер Каныкей Мырзаева алып барды. Мында аталган ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү ишкерлик тууралуу жана аны кантип баштоо керек, өнүктүрүүнүн багыттары боюнча кеңири маалымат алышты жана бул жагдайдагы билимдерин жогорулатышты. Албетте, алар өздөру жашаган аймакта ишкерликти колго алышса боло тургандай түшүнүк алышты.
- Мен буга чейин “Эрайым” уюмунун ишмердүүлүгү боюнча жетиштүү маалыматым бар эле. Ошол эле мезгилде бул уюм тартып келген долбоорлор жөнүндө да билемин. Элет жериндеги достукту, ынтымакты бекемдөө багытындагы кезектеги долбоордун алкагында уюшулган өз жардам топторунун аракети боюнча маалыматым бар. Антсе да, улам жаңыны жаратууга аларды окутуп, билимдерин жогорулатып туруу зарылдыгы бар. Ушундай максат менен өтүлгөн тренингде айылдык айымдар көп нерсени билишти десем болот. Анткени, алардын алдында көп максаттар бар. Айыл үчүн пайдалуу иш жасагылары келишет. Ошол эле мезгилде өз жашоолорун да жакшыртып, башкаларга пайда келтирүүнү самашат. Бул жагдайдан алганда бир аз билим жетишпегенсийт. Үч күндүк тренинг аларга жакшы жардамчы боло алды. Алар ишкердик деген эмне, аны кантип баштоо керек, алдыга максат коюунун этаптары, бюджетти кантип түзүү керек деген сыяктуу суроого жооп ала алышты. Демек, бул окутуу алар үчүн пайдалуу болду десем болот - деп, белгилейт, Каныкей айым.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу