Аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү
04.04.2022 09:15
Жаз келип, бардык аймактарда айлананы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жаткан кезде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылында “Эрайым”АКБси тарабынан уюшулган “Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдиги менен “Даанакер”, “Өнүгүү”, “Достук”, “Келечек жаштары” БӨЖТ топторунун мүчөлөрү четте карап турбастан, алар да өздөрүнүн айылындагы №117-К.Маткеримов атындагы мектебинин бош жаткан жерлерине бак тигүүнү колго алышты.
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш чарасын өткөрүүгө ӨЖТ биримдиктери менен БӨЖТ топтор өз каражаттарынын эсебинен 20 түп мөмө берүүчү 3.000 мин сомдук дарактарды олтургузушту жана ийне жалбырактуу 10 даана арчадагы тигишкенин БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамжанова маалымдайт. “Биздин мындай аракетибиз, максатыбыз айыл тургундарынын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоо, аларды айылдын, мектептин өнүгүп өсүүсү үчүн колдон келген салымдарын кошуусуна үндөө болсо, экинчиден жаштарды эмгекке үйрөтүү жана ар бирибиз таза, көрктүү, сулуу аймакта жашашыбыз керек. Жаштарга ушуну түшүндүрүү” керектигинда кошумчалады.
Бул иш чара айыл жашоочуларын айылдын экологиялык, санитардык абалын таза кармоого жана айылда жайгашкан мектептин өнүгүшүнө аз да болсо салым кошууларына чакырык таштады. Иш-чара аяктаган соң демилгелүү ӨЖТ биримдиги мындай иш чараны жыл сайын уюштуруп келебиз жана быйыл 3-ирет өткөрүп жатабыз дейт – ӨЖТ биримдиктин мүчөсү Нышанова Авакан.
Эрлан Давлатов, Ош облусу