Эне мектептери үчүн мастер класс
02.04.2022 11:07
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча Жалал-Абад облусунун психологу Жылдыз Калдарбекованын жардамын алып жаткан Базар-Коргон шаарынын тургуну Мамашева Гүлсана айым өзүнүн чеберчилигин долбоордун алкагында уюшулган эне мектептердин тарбиячыларына үйрөтүп,атайын мастер класс уюштурду.
Гүлсана айым негизинен колунан көөрү төгүлгөн чеберлердин бири. Ал негизинен улуттук буюмдарды,кооздуктарды жасайт. Кезектеги сабагында ал эне мектептердеги улуттук буюмдардын бурчу үчүн, балдардын табитине туура келген буюмдарды жасоонун жолун көрсөттү.
- Негизинен ар бир адам өнөрлүү. Бирок, ошол өнөрдү сыртка чыгара албай, катып жүргөндөр арбын. Негизинен андайлар уялчаак, тартынчаак сапатка ээ болгондор. Менден психологиялык жактан жардам алып жүргөн Гүлсана айым дагы өнөрүн катып, сыртка чыгара албай келгендердин бири. Ал жашоосундагы ар кандай оорчулукка, тагдыр сыноосуна кабылып, психологиялык жактан жабыркап келген. Мага жолугуп, аны менен бир катар маектешүүлөрдү, баарлашууларды өткөрүп, кеңештерди берип, психологиялвык жактан окууларды өткөргөн соң, анда чоң өзгөрүү болду. Жашоого зирек карап,катып келген өнөрүн сыртка чыгара баштады. Көрсө, ал мыкты чебер экен. Айрыкча улуттук буюмдарды жасоодо өзүнө гана таандык чеберчилиги,ыкмасы бар экен. Мына ошол өнөрүн эне мектептердеги тарбиячыларга үйрөтүүнү өзү колго алды. Ар бир эне мектебинде болуп, ушундай мастер класстарды өткөрүүнү пландап жатат - дейт, долбоордун психологу Жылдыз Калдарбекова.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу