Өз жардам топтору үчүн пайдалуу окутуулар
25.03.2022 10:44
“Эрайым”аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Базар-Коргон районунда уюшулган Өз жардам топторунун жана Биримдиктеринин мүчөлөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар үчүн окутуу көнүгүмдөр өткөрүлдү.
Анын бир мисалы февраль айынын биринчи он күндүгүндө Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Жон айылында 25 адам катышкан «Жердин такырлануусун алдын алуу», «Органикалык таза продукцияны алуу», «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» аталышындагы окутуу кызыктуу жүрдү. Көнүгүмдө алгач катышуучуларга дүйнө жүзүндө адам баласы үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири деп табылган жердин такырлануусу процесси боюнча түшүнүктөр жана бул жараянды басаңдатуу максатында болуп жаткан иш аракеттер жөнүндө маалымат алышты. Кийинки баскычында катышуучулар өздөрү жашаган аймактын жери канчалык деңгээлде такырланууга учурап жатканын аныктоо менен жергиликтүү деңгээлде бул процессти алдын алуу үчүн кандай иштер жасалуу керектигин талкуулашты. Көнүгүмдүн максаты жердин такырлануу процессин жергиликтүү деңгээлде басаңдатууда жарандардын өздөрүн активдештирип мобилизациялоо. Окутуу көнүгүмдүн катышуучулары мындан сырткары такырлануунун тийгизген кесепеттери боюнча да маалымат алышты. Өнүгүп келе жаткан жана кедей мамлекеттердин өнүгүүсүндө жердин такырлануусу менен олуттуу социалдык көйгөйлөр ортосунда тыгыз байланыш бар. Алар: жер менен тыгыз байланышы бар элдердин кедейчилик деңгээли жогорулайт, тамак-аш сапаты ылдыйлап, калктын тамактануусу, ден соолугу начарлайт, ички жана сырткы миграция күчөп эмгекке жарамдуу калктын катмары азаят, үй-бүлө туруктуулугу төмөндөйт, күндөн күнгө өскөн кымбатчылык, тамак аш өндүрүшү үзгүлтүккө учурайт, элдин тапкан кирешеси азаят, социалдык туруктуулук азайып социалдык чыгымдар көбөйөт. Жердин такырлануусу - өзүн-өзү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап өсүмдүк катмарынын жер кыртышынан жоголуп жердин деградациясына башкача айтканда жайыт, токой кылкаларынын, өрөөндөрдүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү менен экономикалык өндүрүмдүүлүгүнүн азайышына алып келиши - деген тыянакты чыгарды машыкчы Т.Маматов.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу