117.03.2022   09:42

Ош облусунун Кара-Суу районунда Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Мады, Сарай айыл аймактарында түзүлгөн “Тумар”, “Өрнөк” Өз жардам топтору үчүн “Тигүүчүлүк өндүрүшүндөгү мастер класс” уюштурулду.

Окуу Кара-Суу районундагы Учкун айылында Даниялык өнөктөш-демөөрчүсү Питер Марслингдин көмөгү менен ачылган ӨЖТнун тигүү цехинде өткөрүлүп, ага 10 ӨЖТ мүчөсү жана кызыккан кыз-келиндер катышты.

Мастер классты өткөрүүнүн себеби ушул жылдын 24-25-26-февраль күндөрү ӨЖТ мүчөлөр жана кызыкдар тараптарга “Кичи ишкерликти өнүктүрүү” боюнча окуу уюштурулганда көптөгөн катышуучулар тигүү цехин ачуу максатында мастер класс өткөрүп берүүнү суранышкан, ошондон улам ӨЖТ тирекчиси, уз чебер Нарынкүл Дюшеналиева өзү демилге көтөрүп, ӨЖТ топторго жана айылдагы тигүүчүлүккө кызыккан кыз келиндерге 15-март күнү бир күндүк местер класс өткөрүп, анда калпак, чепкен, көйнөк ушул сыяктуу кийим кечелерди тигүүнү, оймо түшүрүүнү үйрөттү.

Бул демилгенин максаты айыл жергесиндеги ӨЖТ топтордун жана кыз-келиндерди тигүү ыкмаларды үйрөтүү менен кичи ишкерликти өнүктүрүү болуп эсептелинет.

Көнүгүм бардык катышуучулар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду. Мады айыл аймагындагы “Тумар” ӨЖТнун мүчөсү Анашова Кенже жана Сарай айыл аймагынан “Өрнөк” ӨЖТ мүчөсү Эргешова Чынара мындай дейт: - “Бул окуудан тигүүчүлүк өндүрүшүндөгү ишкерлик, анын сырлары жөнүндө көптөгөн маалыматтарды алдык, чыгаша-киреше булактарын туура жүргүзүү жолдорун жана керектелүүчү сапаттуу буюмдарды арзан баада сатып алуучу жерлерди биле алдык. Ошондой эле тигилген кийим-кечелерибизди сатууда Интернет технологияларын колдоонуу тууралууда бир топ маалыматка ээ болдук.

Айылдын өнүгүүсү, аялдардын жумуш менен камсыз болуусу жана кичи ишкерликти ачуу менен айылдын жашоосун жакшыртуу ар бирибиздин алдыга койгон максатыбыз. Биз ушул окуудан алган билимибизди ишкерлик ойлорубузду ишке ашырууда колдонобуз деген ниетибиз бар. Андыктан, бизге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген “Эрайым” уюмуна терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз – деп кошумчалады ” ӨЖТ мүчөлөрү.  

2

3

4

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу