Ыктыярчы-эксперт Юлия Сухардын Ош облусуна болгон иш сапары
14.03.2022 10:34
2022-жылдын 6-9-марттар аралыгында “Эрайым” уюмуна Германиядан келген уюмдук өнүктүрүү жана фандрайзинг боюнча ыктыярчы - эксперт Юлия Сухар иш сапар менен келип кетти.
Ал иш сапардын алкагында "Дүйнөгө нан" (Brot für die Welt) эл аралык уюму тарабынан колдоого алынган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын чыңдоо” долбоорунун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, андан сырткары Ош шаарындагы «Youth of Osh» бейөкмөт уюмунун өкүлү Акмарал Сатымбаева менен жолугушуп, бир катар ишмердүүлүктөрүн көрүп, мындан ары аталган уюм “Эрайым”АКБси менен тыгыз өнөктөш катары иштешсе жакшы болоорун белгилеп өттү.
Иш сапардын алкагында Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагындагы № 16-Абу Али ибн Сино орто мектебиндеги “Эрайым” уюмунун кеңсесинде долбоордун жумушчу тобу жана иш кагаздар менен таанышып, ӨЖТ биримдиктердин онлайн чогулуштарына дагы катышууга жетишти. Ал эми Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы №117- К.Маткеримов, Төлөйкөн айыл аймагындагы № 99-Нурлан Сайдиев, Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Абу Али ибн Сино орто мектептеринде англис тили жана этноансамбль ийримдеринин иштери менен таанышты. Андан соң Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак аймактарында уюшулган эне мектептеринин менен балдар ӨЖТнун ишердүүлүгү менен дагы жакындан таанышты.
Долбоор алкагында иштеп жаткан ийримдердин арасынан англис тили ийриминде жаралган ийгиликтер тууралуу көп сөз кылууга болот. Анткени аталган ийримдин жетекчиси Гүлбарчын Ташиева көп изденет жана заман агымына жараша улам жаңыны жаратууга аракет жасайт. Ийримге келген мүчөлөр үйрөнгөндөрүн улам эл адында тартуулап турушат жана сынактарга дагы катышып келишет. Ийримге 3 мектептен жалпы 45 окуучу катышат. Ушул долбоор башталгандан бери балдар тил гана үйрөнбөстөн чет өлкөлүктөрдүн адабиятын-маданиятында үйрөнүшөт. Өз алдыбызча да тез-тез оюндарды уюштуруп, өз билимибизди жогорулатып турабыз.
Белгилей кетсек ушул жылдын 7-9-март күндөрү биздин аталган мектептерге Германиядан келген ыктыярчы-эксперт Юлия Сухарда катышып, балдарга эң кызыктуу сабак өтүп, катышуучулар менен англис тилинде баарлашып балдарды кубандырды. Ийрим мүчөлөр чет өлкөлүк ыктыярчылар менен баарлашып, англис тилинде таза сүйлөгөнгө, тажрыйба алмашууга аракет кылабыз - дейт, ийрим жетекчиси.
Эрлан Давлатов, Ош облусу