114.03.2022    09:32

Жаз келип, бардык аймактарда айлананы көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жаткан кезде Ош областынын Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл айыл аймагында “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюшулган «Жаш күч», «Үмүт», «Төлөйкөн», «Ынтымак», «Ак шумкар», «Кыргызстан», «Биримдик» балдар Өз жардам топторунун мүчөлөрү четте карап турбастан, алар да өздөрү окуган №99-Нурлан Сайдиев атындагы орто мектебинин бош жаткан аянттарга бак тигүүнү колго алышты.

Бул саамалык ушул жылдын 7-март күнү уюштурлуп, БӨЖТ мүчөлөрү демилге көтөрүшүп, мектеп короосун көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 30 түп дарак көчөтүн тигишти. Мектепти жашылдандыруу менен балдар курчап жаткан чөйрөнү сактоого салым кошушат. Мындай иш чаралар калган 3 айыл аймактарда дагы уланарын БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамажанова билдирди.

“Мындай аракеттер айыл тургундарынын ортосундагы достукту жана ынтымакты чыңдоого, айылдын өнүгүп-өсүүсүнө салым кошот, аны менен бирге жаштарды эмгекке үйрөтүүгө да жардам берет. Ар бирибиз таза жана көрктүү, сулуу аймакта жашашыбыз керек.” – дейт “Жаш күч “БӨЖТ тобунун демилгечи мүчөлөрү.

Бул иш-чара айыл жашоочуларынын жана мектеп окуучуларынын өлкөбүздөгү экологиялык абалын таза кармоого жана айылдын өнүгүшүнө аз да болсо салым кошууларына чакырык таштады.

Иш-чара аяктаган соң демилгелүү топтор мындай иш-чараны жыл сайын уюштуруп турууну убадалашты.

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош облусу