114.03.2022   12:26

2022-жылдын 4-мартында Кара-Суу районунда уюшулган “Шарк”, “Курманжан Датка, “Керме-Тоо” ӨЖТ биримдиктеринин “Маалымат көргөзмөсү 2022” аталышындагы иш чарасы болуп өттү.

Иш чара “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюштурулду. Аталган ӨЖТ биримиктери 2020-жылы Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында аткарылган сунуштар боюнча өздөрүнүн жасаган иштери тууралуу Нариман, Сарай, Төлөйкөн айыл аймактарындагы жаңыдан түзүлгөн өз жардам топторуна, кызыкдар тараптарга айтып беришти.

- “Аталган иш чара Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али ибн Сино атындагы мектепте үч күн аралыгында өтүп, бул иш чаранын максаты 3 биримдик тарабынан айыл өкмөттөргө берилген 9 сунуштун аткарылышын жана жетишкендиктерин көрсөтүү менен элдерге маалымат берүү” – дейт ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева.

Эскерте кетсек, Шарк айыл аймагынан берилген 3 сунуштан 2 сунуш аткарылган, Мады айыл аймагынан болсо 3 сунуштан экөөсү ишке ашты, ал эми Кызыл-Кыштак аймагынан 3 сунуштан бирөөсү аткарылып, калган эки сунуш боюнча “Керме-Тоо” биримдиги жигердүү иш алып барууда.

“Сунуштарды аткарууда ӨЖТ биримдиктери жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барып жатышат. Маалымат көргөзмөсүн бардык 9 сунуш аткарылгандан соң дагы башка айыл өкмөттөрдө өткөрүүнү пландап жататбыз” – деп кошумчалады Ош облусундагы жергиликтүү координатор Икрам Исраилов.  

2

3

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу