122.06.2021   11:14

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы социалдык кызматкерлерге жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрүнө ушул жылдын 8-9-июнь күндөрү “Эрайым” уюму тарабынан эки күндүк психологиялык окуу көнүгүм болуп өттү.

Иш-чара “Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Окуу программасы боюнча “Долбоор аймагында жарандар арасындагы келишпестиктерди жана чыр-чатактарды чечүүдө, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн ортосунда топтошуп урушуулардын алдын-алуу максатында кызыктар тараптардын биргелешкен иш-аракеттерин күчөтүү” темасында жүрүп, ага жалпы 17 катышуучу катышып, окуу пайдалуу болгонун долбоордун Ош облусундагы психологу Дилфуза Анарабаева билдирди.

Окуу көнүгүм өлкөдө болуп жаткан пандемияга байланыштуу ZOOM программасында онлайн абалда жүрүп, аны тажрыйбалуу психолог, дасыккан машыкчы - Чынара Термечикова өткөрүп берди.

Көнүгүмдүн максаты - долбоорго кирген айыл аймактарындагы жооптуу кызматкерлердин жарандар менен иштөөдө дараметин күчөтүү жана алардын балдар психологиясы боюнча билимин жогорулатуу, кызыктар тараптар менен чогуу иш-аракеттерин күчөтүү болуп саналат.

Окуунун жүрүшүндө катышуучулар айыл аймактагы жаш-өспүрүмдөрдү тарбиялоодо орун алган орчундуу көйгөйлөрдү ата-энелер менен чогуу биргеликте чечүү жодорун кароону жана балдардын топтошуп урушууларын болтурбоо үчүн кандай иш-аракеттерди жасоо керек экендиги жөнүндө маселелерди талкуулашты.  

2

3

4

5

6

7

Эрлан Давлатов, Ош облусу