Жубайлар мыйзамдуу турак жай салуу укугуна ээ болушту
07.06.2021 11:03
Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Садиров Жумали турак жайц салуу үчүн жер участогун мындан бир канча жыл мурда алган. Турмуш шарты оор болгондуктан, ал турак жайды дароо эле сала алган эмес. Ошол эле мезгилде жер участогунун тиешелүу документтерин да толук кандуу алган эмес. Мунун бардыгы анын юридикалык сабатсыздыгынан жана өз укугун жеткиликтүү билбегендиктен келип чыккан. Жубайы экөө термелеп чакан үй салып, ага жашай башташканда кошунасы тараптан жер участогунун өлчөмү боюнча нааразычылык башталган.
Себеби, алар тургузган үйдүн орду кошунасынын документинде алар тарапка эсептелип калган. Эки кошунан чыры ушундан башталып, алардын арызданып барбаган жагы калган эмес. Ортодо түшүнбөстүктөр, чыр-чатактар келип чыккан. Айыл аймактын жетекчилигине,жер каттоо кызматына, күч органдарына чейин барышкан. Эч биринен жакшы жооп ала алган эмес. Анын арызын кабыл алган тараптар дайыма кайдыгерлик жана бюрократиялык мамиле жасашкан. Мындай араздашуулар эки жылдан бери жүрүп келди. Садиров да үйүн толук кандуу бүтүрө албай, ортодо чайналды. Акыры ал “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин долбоор юристи Гүлнара Ташиевага кайрылды. Юрист айым анын арызын кылдат карап көрүп жана маселени оң жагына чечүүгө мүмкүндүгүн билүу менен бардык нормативдик актыларды талап кылуу менен Мыйзамдуу жол менен ушул жылдын май ацйында Жумали Садировго жер участогунун менчик укуктарын аныктаган Мамлекеттик актыны колуна алып берди.
- Бул маселени чечүү оңой болгон жок. Себеби, Садировдун кошунасы эбак эле жер участогунун толук кандуу чиймеси менен мамлекеттик Актыны алып алган экен. Ал эми ага сырттан туруп,эч кандай текшерүүсүз,аныктамасыз эле Актыны жазып берген адамдар азыр иш ордунда жок. Аларды жоопко тарта албайсың. Ал эми кийинки келген кызматкерлер болсо,ийнин куушуруп коюп,олтурушат. Мен аябай убара тарттым. Бирок,ырас мага ишенип, менин кызматыма муктаж болуп кайрылып олтурган соң, кардардын да талабын аткаруу керек. Көп жерде мага да бюроктратиялык мамиле жасагандар болду. Бирок, Мыйзам деген бар да. Анын бардык талаптарын колдонуу менен иштин аягына чыктым - дейт, юрист Гүлнара айым.
Белгилей кетели эки жылдан ашуун убакыт кыйнап жана убаракерчиликти жараткан талаш-тартыш маселе соңуна чыгып, жубайлар эми турак жайын мыйзамдуу түрдө улантуу укугуна ээ болушту.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу