«Эрайымчы” айымдар айылдык кеңешке депутат болушту
07.06.2021 10:17
“Эрайым ” аялдар коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы координатору Кишимжан Боронбаева дагы бир ирет Базар-Коргон районундагы Акман айылдык кеңешине депутат болуп шайланды жана депутаттык мандат менен төш белгини алды.
Ал аталган уюм менен болгон жыйырма жылдан ашуун убакыттан берки коомдук иштеринен сырткары саясатта да өз кызматын жасап келет.Мындайча айтканда, эл мүдөөсүн аткарып, айылдагы майда –барат социалдык,турмуштук маселелерди чечүүдө өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүдө.Айрымдарын атай кетсек, айылдык кеңештин мурдагы чакырылыштарында Жараке айылына Бала бакча ачып берди. Кайырма айылына да стандарттуу бала бакчаны ачууга салымын кошту. Айылдык кыз-келиндерге жумуш ордун түзүү,алардын билим деңгээлин көтөрүүгө көп аракетин жумшап келет. Кош-Коргон айылынын ички жолун оңдоо, айыл кеңештин аймагындагы мектептердеги балдарга тамак берүү, окуу кабинеттерин ачуу сыяктуу маселени да ишке ашырууга салымдарын кошуп келген. Эми кайрадан жаңы чакырылышта да эл ишеничине ээ болуп, депутаттык мандатка ээ болуп олтурат.
- Менин “Эрайым” уюму менен кызматташ болушум да эл ишеничине ээ болууга түрткү болуп жатканын жашырбаймын. Себеби, бул уюм тартып келген “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору боюнча Базар-Коргон (азыр Базар-Коргон шаары) районундагы Базар-Коргон жана Акман айыл аймактарындангы элдин жашоосун оңдоо,социалдык маселелерди чечүү, маданий, экокологиялык иш чараларды жүргузүудө көп жумуштарды аткарып келе жатабыз. Уюмдун активисттери арбып баратат. Элдин билим денгээлин көтөрүү,активдүүлүгүн жогорулатуу жагдайында жасаган иштерибизди айта берсек мактангандай болобуз. Негизинен эл аралап жүргөндүктөн, эл дагы жакшы таанып калышкан. Ошондуктан ишеним артып, дагы шайлашты. Ошондой эле биздин уюм тарабынан уюштурулган өз жардам топторунан да жаңы депутаттар чыкты. “Акканат” ӨЖТ Биримдигинен Бүбатма Кадырбаева, Гүлзина Ажыматова, Тазагүл Рахмановалар да депутаттык мандатка ээ болушту. Эми эл ишеничин актоо үчүн бардык күчүбүздү жумшап иштейбиз-дейт, Кишимжан айым.
Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу