107.04.2021  16:13

"Эрайым" аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан "Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө" долбоору боюнча Кара-Суу районунда долбоорго кирген Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Төлөйкөн айылында ушул жылдын башында “Акбуура” жана “Жаңы айыл” ӨЖТ топтору түзүлгөн.

Аталган топтор “Эрайым” АКБнин ишмердүүлүгү менен таанышып, учурда топ мүчөлөрү жана айыл тургундары акысыз юридикалык, психологиялык жактан жардам алышууда. Жаңы уюштулган ӨЖТ мүчөлөр мектепте окуп жаткан балдарынын билим деңгээлин көтөрүү максатында англис тил жана этноансамбль ийримдерин уюштуруп берүүнү “Эрайым” уюмунан суранышты.

Ийримдер ушул жылдын 1-апрелинен баштап Төлөйкөндөгү №99-Нурланбек Садиев атындагы орто мектебинде өз ишин баштады. Учурда англис тил ийримине 12 мүчө катталып, ал эми этноансамбль ийримине 13 мүчө башталгыч тайпага кабыл алынганын ийрим жетекчилер Г. Алиева, Э. Алмазбекова билдирди.

Ошондой эле БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамажанованын айтуусу боюнча аталган аймакта апрель айынан баштап эки балдар өз жардам топтору түзүлүүсүн белгилеп, алдыда иш-болжомдо каралган иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз дейт.

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош облусу