102.02.2021   09:12

"Эрайым" аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан "Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө" долбоору боюнча Кара-Суу районунда долбоорго кирген №16-Абу Али ибн Сино, №117-К.Маткеримов, №86-Курманжан Датка атындагы мектептерде англис тили жана этноансамбль ийримдери 2021-жылдын февраль айынан баштап балдар өз жардам топторун кайрадан кабыл алып, өз ишин мектептерде офлайн улантып баштады.

Этноансамбль ийриминин жетекчиси Гүласал Алиеванын айтымында биз балдарды COVID-19 кырдаалына байланыштуу аралыктан окутууда бир топ кыйынчылыктар болду, себеби бул ийримде окуучу музыкалык аспаптарды өз колдору менен ойноп үйрөнүп кетүүсү үчүн анын жанында туруп үйрөткөндө гана ар бир бала чебер жана кооз үйрөнө алуусун айтты. Бүгүнкү күндө ийримге катышкан жалпы үч мектептен 45 мүчөгө “Дүйнө маданияты” аттуу сабак башталды, анда таланттуу балдар ар улуттун музыкалык аспаптарын жана ырларын үйрөнө алышат, биздин максатыбыз балдарды ар тараптуу өнөрлөрүн, таланттарын таптоо болуп саналат дейт ийрим жетекчиси.

2

3

Ал эми англис тил ийриминин жетекчиси Элиза Алмазбекова төмөнкү ойлорго токтолуп өттү: - балдар салтуу окууда англис тилинде бир-бири менен пикир алышып, өз алдынча иштөөдө жана баарлашууда заманбап ыкмаларды колдонуу менен ар бир күнү өтүлгөн сабактар жогорку деңгээлде өтүлүп жатканын белгиледи. Учурда бул ийримге 11-17 жашка чейинки 67 мүчө катышып, ийримдерги жигердүү балдар англис тилин оңой үйрөнүү максатында “CLT (Сommunicative Language Teaching)”, “Humanistic Approach” жана “Problem Solving Method” колдонуу менен бирге, күнүмдүк жашоодо керектелүүчү темаларды окуп үйрөнүүдө.  

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу