Аймактарда офлайн окуулар башталды
30.01.2021 09:14
Германиянын “Дүйнөгө нан” уюму колдоого алган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында өзүнө 226 мүчөнү камтыган балдардын 30 өз жардам тобу түзүлгөн.
Белгилей кетсек анын ичинен 98 мүчөсү Шарк айыл аймагында жигердүү иш алып барууда. Алар “Навбахор”, “Ыйман нуру”, “Ак ниет ”, “Келечек”, “Ынтымак” жана башка балдар өз жардам топтору. Буга чейин аталган топтор өзгөчө кырдаал учурунда бош отурбастан бир топ иш-чараларды өткөрүштү дейт - БӨЖТ тирекчиси Кыял Мамажанова.
Ал эми 2021-жылдын 27-январь күнү Балдар өз жардам тобунун жигердүү мүчөлөрү өздөрү демилге көтөрүп, мектептерде офлайн окуу башталганына байланыштуу 50 мүчө 20 сомдон акча чогултуп, жалпы топтолгон 1000 сом акчага 100 даана бет кап сатып алып, аны өздөрү окуган №16-Абу Али ибн Сино атындагы мектеп окуучуларына таратып, коркунучтуу илдеттен сак болууга чакырып, жигердүү балдар классташтарына, досторуна COVID-19 оорусу боюнча маалымат беришти. Эскерте кетсек бул иш-чара Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында уланат.
Бул иш чаранын максаты акыркы учурда жаш балдар арасында илдет көп болгондугуна байланыштуу коркунучтуу оорудан сактануу жана балдардын бири-бирине болгон мамилесин ынтымак, биримдик, достук менен көрсөтүү экенин “Навбахор” БӨЖТ жетекчиси Гүлшан Курбанова өз сөзүндө белгилейт.
Эрлан Давлатов, Ош облусу