229.01.2021   10:25

“Эрайым” уюмунун Германиянын “Дүйнөгө нан” (Brot für die Welt) эл аралык уюму колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагына караштуу Телман 2 конушунда жаңыдан түзүлгөн «Өрнөк» жана «Аракет» ӨЖТру 2021-жылдын 26-январында алгачкы кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү.

Аталган топтор буга чейин “Эрайым” уюму боюнча маалымат алып, ӨЖТ Биримдиктеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, жыйынтыгында Сарайдан уюшулган эки топ чогуу биргеликте эң биринчи кадамын кайрымдуулук иш-чарасынан башташты.

Бул иш-чарага уюмдун кызматкерлери катышып, жаңыдан уюшулган ӨЖТ мүчөлөр кийим кечеге муктаждыгы бар адамдарга өз ыктыярлары менен үйлөрүнөн чоңдорго жана жаш балдарга кышка ыңгайлуу болгон, жылуу кийим кечелерди топтоп, аны “Эрайым” уюмунун кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жалпы чогулган кийимдерди уюмундун Ош облусундагы координатору Икрам Исраилов баштаган команда Ош шаарындагы Улуттук Кызыл Ай коомунун өкүлдөрүнө тапшырып беришти.

Иш чаранын негизги максаты - муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү жана Телман 2 конушундагы жашоочуларды ынтымак ырашкерлике чакыруу болуп саналарын “Өрнөк” ӨЖТ мүчөсү Нурсулуу Жакыпова белгилейт.

Эми мындан ары Кара-Суу районунда уюштурулуп жаткан, ушул сыяктуу иш-чаралар байма-бай Кызыл Ай коому менен биргеликте өткөрүлүп турарын ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева кошумчалады.

3

4

5

6

1

7

Эрлан Давлатов, Ош облусу