128.12.2020   16:39

Үстүбүздөгү жылдын 21-23-декабрлар аралыгында Германиянын "Дүйнөгө нан" эл аралык уюму колдоого алган "Эрайым" уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун III-фазасынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында иштеп жаткан эне мектептеринин жетекчилери үчүн “Ченемдик-укуктук актылар жана керектүү иш-кагаздар” аталышындагы 3 күндүк окуу көнүгүм болуп өттү.

Окуу эне мектептери боюнча зертчи, мектепке чейинки билим берүүнүн дассыкан адиси Дилнара Майгулакова тарабынан өткөрүлдү жана ага 20 эне мектебинин жетекчилери катышышты. Окуунун жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүүнү жөнгө салган ченемдик-укуктук актылар, мектепке чейин билим берүү жана баланы кароо стандарттары, балдардын коопсуздугу, өзгөчө кырдаал учурунда жана короновирустук инфекциянын коркунучу, педогогикалык процессти пландоо (онлайн, офлайн сабактар боюнча кайтарым байланыш) каралды. Ошондой эле КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-апрелде № 244-токтому менен санитардык эпидемиялогиялык ченемдерди аткаруу боюнча жалпы катышуучулар суроого жооп берип, алгоритм менен таанышып, практикалык иш алып барышты.

Иш-чаранын негизги максаты – эне мектептеридеги жетекчилерге туура иш алып барууну жана балдарды аралыктан окутууну үйрөтүү, ошондой эле мамлекеттик стандарттарга ылайык балдардын билим алуусун өзгөчө көнүл буруу жана келечек муунду тарбиялоодо билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналарын Дилнара Майгулакова кошумчалады.

Окуунун жүрүшү кызыктуу талкуулоолор, тажрыйба жана пикир алмашуулар менен коштолду. Жыйынтыгында ар бир эне мектебинин жетекчисине Дилнара Майгулакова тарабынан жаңы буйруктар жана жоболор берилип, алдыда Ош облусундагы ресурстук борборду кеңейтүү жана жакшыртуу ишмердүүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Өз кезегинде катышуучулар алган билимдерин башка кызматкерлер менен бөлүшүп, күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдоно тургандыктарын билдиришти.  

23

4

5

6

7

8

Эрлан Давлатов, Ош облусу