214.01.2021   08:13

Бешик-Жон айыл аймагынын “Партсьезд” айылында №7 Нагима аталышында балдар бакчасы бар. Стандарттуу, ыңгайлуу салынган бир кабаттуу жайда айылдагы 115 бала тарбияланат. Аларды тарбиялоо үчүн жыйырма тарбиячы иштейт. Ушул жерде “Асылзат” өз жардам тобу түзүлгөн.

Алар ортолук фондду жыйнап, ошол эле мезгилде долбоор жазышып, бакчанын базасында күнөскана ачып алышкан. Бир гана сотых жер аянтын ээлеген күнөсканада бардык жашылчалар өстүрүлөт. Маселен, эрте жазда памидордун көчөтүн өстүрүп, өздөрүнүн керектөөсүнөн ашканын айылдагыларга сатышат. Андан кийин памидор, бадыраң өстүрүшөт. Бышканда балдарга витамин азыгы катары колдонушат. Кышкыга карата кайнатма, туздамаларды жасашат. Ал эми көк чөптөр (зелень) болсо тынымсыз өсүп турат. Аны тамак ашка кошушат, базарга алып чыгышат. Мындагылардын айтымында бир сезондо помидорду базарга алып чыгып сатуу менен эле накталай отуз миң сомдон ашуун киреше алышкан. Бадыраңдан да ошондой эле суммада киреше болот. Демек, күнөскана киреше табуучу жай боло баштаганын айтышат. Ал эми аларга бул жайды курганга Жалал-Абад Айылдык Кеңеш кызматы жардам берген. Ал ишкананын адистери атайын келип, окутуп да кетишкен. Иштеги ушундай жакшы жышаананын алдаасында айрым бир маселелер да келип чыгууда. Мындайча айтканда мыйзамдуулук, укуктук, юридикалык жактан да сабак алуулары зарылдай болуп турат. Ошондуктан алар менен “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Жалал-Абад облусу боюнча юристи Гүлнара Ташиева жолугушуу өткөрдү жана жаралган маселенин айланасында юридикалык кеңештерин берди. Юрист менен маектешүү учурунда көп суроолор берилди. Негизинен турак-жайды мыйзамдаштыруу, кызыл китеп алуу, алиментти төлөө ыкмалары, никени ажыратууда тоскоолдуктар, мүлктү бөлүштүрүү жана паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуунун мыйзамдуу жолдору боюнча суроолор болду.

1

3

4

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу