ӨЖТ Биримдиктери айыл өкмөткө тогуз сунуш тапшырды
30.12.2020 12:13
“Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы 3 ӨЖТ биримдигинин ордо мүчөлөрү «Стратегиялык узак мөөнөттүү иш планды иштеп чыгуу» көнүгүмүнүн таасири менен жашоочулар менен биргеликте 9 негизги көйгөйдү аныктап чыгышты.
9 көйгөйдү жогоруда аталган айыл өкмөттөрдүн 5 жылдык стратегиялык пландарына киргизүү максатында жергиликтүү айылдык кеңештеринин сессияларына катышышты.
30.12.2020-жылы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү депутаттардын сессиясына “Керме-Тоо” ӨЖТ биримдигинин мүчөлөрү катышып, 3 сунушту 5 жылдык стратегиялык планга киргизүүнү сунушташты.
- 1-сунуш: Ишкаван айылындагы чоң арык бойлоп кеткен жолго тосмо коюп берүү жана аны оңдоо.
- 2-сунуш: Ишкаван айылына жаны мектеп куруу.
- 3-сунуш: “Бал челек” ишкерлигин өнүктүрүү.
Жыйынтыгында аталган сунуштарды Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы Д. Сатывалдиев кабыл алып, аны депуттарга карап чыгууга тапшырма берди. “Шарк” ӨЖТ биримдигинин мүчөлөрү 29.12.2020-жылы болуп өткөн жергиликтүү айыл кеңешинин сессиясына катышып, 3 сунушту “Шарк” айыл өкмөтүнүн 5 жылдык стратегиялык планына киргизүүнү сунушташты.
- 1-сунуш: Диний радикализм, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү.
- 2-сунуш: Шарк айылынын Юлдашев көчөсүнүн тротуарын асфальтоо жана жарыктандыруу аркылуу жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу.
- 3-сунуш: “Бал челек”ишкерлигин өнүктүрүү.
Шарк айылдык кенешинин төрагасы А.Юсупов жана айыл кеңешинин депутаттары 3 сунушту айыл өкмөттүн стратегиялык планына киргизүүнү талкуулашып, жыйынтыгын ӨЖТ биримдигине кат түрүндө жооп берүүнү билдирди. “Курманжан Датка” ӨЖТ биримдигинин мүчөлөрү 28.12.2020-жылы Мады айыл өкмөтүндө болуп өткөн жергиликтүү депутаттардын кезектеги онлайн сессиясына катышып, анда 3 сунушту 5 жылдык стратегиялык планга киргизүүнү сунушташты.
- 1-сунуш: Мады айыл аймагынын Талдык көчөсүнүн жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу.
- 2-сунуш: Социализм айылында балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.
- 3-сунуш: Беделов көчөсүнүн боюна жөө адамдар, окуучулар басуучу тротуар куруу.
“Курманжан Датка” ӨЖТ биримдигинин 3 сунушун Мады айылдык кеңешинин төрагасы Н. Токторов өзү кабыл алып, бул сунуштар менен жалпы депутаттар таанышып чыгуусун жана аны тез арада чечип берүүнү айтты.
Шарк, Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарындагы жергиликтүү депуттардын сессиияларына 3 ӨЖТ биримдигинен сырткары долбоордун ӨЖТ тирекчиси Нарынкүл Дюшеналиева жана долбоордун жергиликтүү координатору Икрам Исраилов катышты.
Эрлан Давлатов, Ош облусу