124.12.2020  13:37

Кыш өз өкүмүн сүрүүдө. Жылдын бул мезгили негизинен айлананы өзгөчө кооздукка бөлөгөн аппак кары менен айырмаланат. Адам жашоосу болсо ушул мемиреген, тынчтыктын кучагындагы жай турмуш менен уланат берет. Антсе да, тынч алып, үйдо олтура албаган, жакшы бир ишти жасап, өзүмдүн да, өзгөнүн да турмушун жакшыртууга салым кошсом деген адамдар да болот.

Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагынын Кышкана айылынын алды жетимишке таяп калса,арты отуздагы айымдары биригип аылга тигүу цехин ачууну максат кылышты. Алар Австралия мамлекетинин “Кыргызстандын айылдарындагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун окууларына катышып, анан долбоор жазышкан. Ишти баштоо үчүн да окуп. Үйрөнүш керек экен. Бул үчүн үч күндүк дагы сабак алышты. Аны Жалал-Абаддагы Эл аралык университеттин алдындагы Гуманитардык колледжинин дизайнер факультетинин мастери Артыкова Зиядахан жүргүздү. Ал азыркы засманбап электр тогунун жардамы менен иштей турган тигүү машинасын кантип колдонуу керек, иштөө ыкмалары кандай, тигүү цехке кандай буюмдар зарылдыгы боюнча кеңири сабак өттү. Ушул жерден айылдык айымдар көп нерсени билишкенин белгилешет. Анткени, адатта кол машинаны иштетип келгендер, электр тогу менен иштей турган тигүү машинасынын ортосунда кыйла айырмачылыктар бар экенин билишти. Айта кетели, бул айымдардын дээрлик бардыгы эле өз алдынча кол машина иштетишип, майда-барат нерселерди тигип келишкендер. Айрыкча кызга сеп даярдоого буюртма алышат. Эми алар ушундай иштерин кеңейтүү максатта долбоор жазып олтурушат. Акман айыл аймагынын жетекчилиги бул айымдар үчүн атайын жай да бөлүп берди. Эми алар адегенде он эки кыз-келинди ал жерге иштете башташат. Бул долбоордун жетекчиси Рахимова Рабохандын айтымында долбоор жазыш оңойго турган жок. Үйдө,жумушсуз олтурган кыз-келиндердин башын бириктирүү, аларды мындай окутууларга тартуу да оңой эмес экен. Азыр топтогулардын көз карашы кыйла өзгөрүп, активдүүлүктөрү жогорулап баратат” - дейт.

Айылдагы мындай окутууга үч өз жардам тобунун мүчөлөрү катышышкан . Ал эми буларга окшогон дагы бир топтун айымдары Кайырма жана Кош-Коргон айылдарында күнөскана ачууга долбоор жазышкан. Базар-Коргон айылында да заманбап тигүү цехи ачылат. Демек, элет айымдары акыркы кездери жашоону жакшыртууга ынтызар болушуп, майда-барат маселени өздөрү эле чече баштаганы кубандырат. Албетте, аларды шыкактап, уюштуруп жаткан бул - “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси жана ал уюм ишке ашырып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоору. Бул долбоордун алкагында дал ушундай кыз-келиндердин башын кошкон өз жардам топтору жана алардын Биримдиги түзүлгөн. Алар райондогу Акман жана Базар-Коргон айыл аймактардын жетекчилигинин колдоосу менен айылдагы майда-барат маселени жөнгө салууга да чоң көмөк көрсөтүп жатышкан кездери. “Негизи ушундай топтордун активдүүлүгү жашоону жакшыртууга таасир этет” дешет жергиликтүү бийликтегилер.

2

3

4

5

6

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу