124.12.2020  13:05

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь, декабрь айларында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн, Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак, Сарай, Нариман айыл аймактарындагы 100гө жакын жарандарга медиация жана медиативдик кызматтар жөнүндө маалымат таратуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш чарада айыл жашоочуларынына “Эрайым”АКБнин медиация боюнча тажрыйбасы бар кызматкерлери Дилфуза Анарбаева, Дилшод Кадирходжаев, Нарынкүл Дюшеналиева жана Өз жардам топторунан тандалып алынган медиаторлор Наргиза Хусанова, Камила Эрмекбаевалар тарабынан маалымат берилди.

Иш-чара 6 айыл аймакта уланып, анда көптөгөн жарандар медиация боюнча маалыматка ээ болуп, өздөрүнүн чечилбей келген жер талаш, үй-бүлөлүк көйгөйлөрү боюнча суроолоруна медиаторлордон жоопторду алышты, эми бул көйгөйлөрдү медиаторлор тынчтык жолу менен чечүүнү убадалашты.

Мындай жолугушуулардын негизги максаты айыл тургундарына медиация боюнча кеңири маалымат берүү жана аны жайылтуу болуп саналарын укук коргоочу, медиатор Дилшод Кадирходжаев белгиледи.  

2

3

4

5

Эрлан Давлатов, Ош облусу