Кара-Суу районундагы айрым эне меткептер өз ишин баштады
24.12.2020 12:03
Өлкөбүздө азыркы пандемиялык кырдаалга байланыштуу мектептер менен катар мектепке чейинки балдарга билим берүү мекемелери да ишин токтотуп, мүмкүнчүлүккө жараша онлайн абалда аралыктан иштеп жатышат.
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районунда ачылган 20 эне мектеби жана долбоор аймагынан сырткары кыйыр түрүндө ачылган 5 эне мектебинин ичинен учурда 3 эне мектеби кайрадан өз ишин баштады. Ал эми 14 эне мектеби онлайн форматта жумушун улантууда.
“Роза нуру”, “Радуга”, “Билим нуру” эне мектептери 100гө жакын кичинекей бөбөктөрдү кайрадан кабыл алып, учурдагы COVID-19 илдетинен балдардын коопсуздугун сактоо максатында “Шарк” ӨЖТ биримидигинин мүчөлөрү өздөрү демилге көтөрүп ортолук сактоолуктарынан 1800 сомго бет кап үчүн керектелүүчү материалдарды жана антисептик каражаттарын алышып, өз колдору менен үй шартында көпкө кийилүүчү 100 даана бет каптарды тапшырышты. Андан тышкары долбоордун психологу Дилфуза Анарбаева тарбиялануучу балдарга “Сезимдер дүйнөсүнө саякат” аталышындагы кызыктуу көнүгүмдү уюштуруп, анда кичинекей бөбөктөр өздөрүнүн сезимдерин айтып, бири-бири менен эркин баарлашып, көнүгүмдү жакшы маанайда кабыл алышты дейт - долбоордун Ош облусундагы Эне мектебинин тирекчиси Гулкайыр Жолдубаева.
Эрлан Давлатов, Ош облусу