123.12.2020   16:23

Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алып, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын, биримдигин бекемдөө” долбоорунун негизги өзөгүн өз жардам топторунун ишмердүүлүгү түзөт.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймагында уюшулган ӨЖТру жана ӨЖТ биримдиктери жыл сайын ар кандай иш-чараларды байма-бай уюштуруп келишет. Ал эми Шарк айыл аймагынан түзүлгөн “Шарк” биримдигинин жигердүү мүчөлөрү ушул жылдын октябрь-декабрь айларында өздөрунүн иш болжомунда каралган экология багытындагы тазалык акциясын уюштурду.

Мындай иш-аракет Шарк айылында өтүп, анда демилгелүү мүчөлөр көчөлөрдөгү бак-дарактардын жалбырактарын чогултуп, аны өртөбөөгө жалпы жашоочуларды чакырып, эгер ким өртөсө өкмөт тарабынан айып пул салынарын ар бир үй-бүлөгө эскертишип, андан соң көчө жайларга ташталган таштандыларды тазалашты.

Бул демилгени Шарк айыл өкмөтү колдоого алып, чогулган таштандыларга “Шарк тазалык” унаасын акысыз жиберди. Иш-чаранын түпкү максаты айлана чөйрөнү таза кармоо, абаны булгабоо жана айыл тургундарын ушундай иш-аракеттер менен ынтымака, биримдике жана тазалыка чакыруу менен башкаларга үлгү болсок дейт; - “Береке”ӨЖТ мүчөсү Махпурат Базарбаева.  

2

3

Эрлан Давлатов, Ош облусу