Эне мектептер арасындагы “Күз кереметтери” сынагы
16.11.2020 14:21
Балдарыбыздын, элдин жана өлкөнүн келечеги тарбиячылардын колунда. Биздин өсүп келе жаткан келечек муунду, жеткинчек балдарды тарбиялоодо ар бир тарбиячы өзүнүн билимин жана тажрыйларын колдонушат.
Бул жаатта Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун III-фазасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында 27 эне мектеп ачылып, анда 39 тарбиячы эмгектенип келишет.
Энелер мектебинде эмгектенген тарбиячылар арасында ушул жылдын ноябрь айында өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу онлайн аркылуу “Күз кереметтери” аталышындагы сынак уюштурулду. Ага жалпы 10 эне мектебинин тарбиячылары катышып, алар өздөрүнүн чыгармачылыгын, аракетин, издөнүүлөрүн колдонуп эне мектептерине жана балдар үчүн көргөзмө сүрөттөрүн, кол өнөрчүлүктөрүн жана жасалгаларды күз мезгили сыяктуу чагылдырышты.
Сынактын жыйынтыгында “Аруузат Нуру”, “Даткайым-Илим”, ”Радуга” эне мектебинин тарбиячылары мыкты аталып, женүүчүлөргө белектер ыйгарылды. Ал эми калган алты тарбиячыга демөөчү болгон ӨЖТ биримдиктери тарабынан бирдик салынып берилди. Иш-чаранын максаты тарбиячыларды ар тараптан өнүктүрүү жана ошондой эле башка эне мектептердин тарбиячыларынан тажрыйба алуу экенин долбоордун эне мектептери боюнча тирекчиси Жолдубаева Гүлкайыр белгиледи.
Эрлан Давлатов, Ош облусу