123.09.2020   07.05

Ош облусунун Кара-Суу районунда Австралия Өкмөтү тарабынан колдоого алынып «Эрайым» АКБси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандын айыл аймактарындагы аялдардын укутарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында Кызыл-Кыштак, Мады, Шарк айыл аймактарында түзүлгөн Өз жардам топтору үчүн “Ишкерликти пландоо жана аны ишке ашыруу” аталышындагы окуу көнүгүмдөр уюштурулду.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу окуу көнүгүм аралыктан уюштурулулду жана аны сынактык негизде тандалып алынган тажрыйбалуу бизнес-тренер Айназбек Түмөнбаев «Zoom» программасын колдонуу менен өткөрүдү.

Окуу курстары Ош областынын Кара-Суу районундагы долбоор аймагына кирген Кызыл-Кыштак, Шарк жана Мады айыл аймактарында 2020-жылдын 12-17-сентябрлар аралыгында болуп өттү. Окууга катышуу үчүн Кара-Суу районунан 75 ӨЖТ мүчөсү ар бир айыл аймактан 25 адамдан тандалып алынган. Долбоордо болжомдолгондой катышуучулар тренердин жетекчилигинде ишке ашырууга тийиштүү болгон ишкер-болжомдорду иштеп чыгышты. Тренердин жардамы менен катышуучулар кичи жана орто ишкерликтин артыкчылыктуу багыттарын талдап чыгышты. Айыл аймактарында ишкерликтин артыкчылыктуу багыттары катары төмөндөгүлөр тандалды: этти кайра иштетүү жана эт азыктары, балчылык, тигүүчүлүк өндүрүшү, багбанчылык жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү.

Көнүгүм бардык катышуучулар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болду. Мады айыл аймагындагы “Даткайым” ӨЖТнун мүчөсү Касиет Адыкова мындай дейт: - “Бул окуудан ишкерлик, анын сырлары жөнүндө көптөгөн маалыматтарды алдык, чыгаша-киреше булактарын туура жүргүзүү жолдорун жана өзүбүздүн иштеп чыгарган азык-түлүктөрүбүздү сатууда Интернет технологияларын колдоонуу тууралуу маалыматка ээ болдук”.

Айылдын өнүгүүсү, аялдардын жумуш менен камсыз болуусу жана кичи ишкерликтерди ачуу менен айылдын жашоосун жакшыртуу ар бирибиздин алдыга койгон максатыбыз. Биз ушул окуудан алган билимибизди ишкерлик ойлорубузду ишке ашырууда колдонобуз деген ниетибиз бар. Андыктан, бизге ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген Австралия Өкмөтүнө жана “Эрайым” уюмуна терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз – деп кошумчалады Ишкаван айылындагы “Ак тилек” ӨЖТ мүчөсү Жазгүл Кожоева.

Иш чаранын жүрүшүндө эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, бардык санитардык эрежелер жана социалдык аралыктар сакталды. Эскерте кетсек, аталган долбоор үстүбүздөгү жылдын башында өз ишин баштаган, бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу долбоор боюнча бардык ишмердүүлүк эпидемиологиялык кырдаал турукташкыча токтотулган. Долбоордун жалпы максаты аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыкты жоюуга (ТӨМ 1) көмөктөшүү жана айыл жергелеринде гендердик теңдикти камсыз кылууга (ТӨМ 5) көмөктөшүү болуп саналат. Долбоордун алкагында тандалдган ишкерликтердин артыкчылыктуу багыттары боюнча техникалык көнүгүмдөрдүн өтүлүүсү дагы пландалды.  

2

3

5

6

8

7

9

Эрлан Давлатов, Ош облусу