005.09.2020  17:48

Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоосунда ишке ашырылган “Эрайым” уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлгөн ӨЖТ Биримдиктери каржылык туруктуулукту аркалап, киреше алып келүүчү кичи жана орто ишкерликтерди жүргүзүп келүүдө.

Мындай кичи ишкерликттердин ийгилиги баарыбызды кубандырат. Ушундай саамалыктардын бири Ош дубанына караштуу Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы “Достук” үй-бүлөлүк ӨЖТнун ишкерлиги болуп саналат. Аталган ӨЖТу киреше табуу максатында ортолук сактоолугунан 2000 сом акча бөлүп, анын 1000 сомуна 150 даана помидор, 150 даана капуста көчөтөрүн өз карамагындагы 4 сотик жерге тигишип, ал эми 1000 сомуна дары, жер семирткичитерди алышты. Жаз жарыш, күз күрөш демекчи аталган топ эмгек кылып, жыйынтыгында 70 даана капуста, 400 кг помидор алышып, анын 300 кг айылдагы кошуналарына 20 сомдон жалпы 6000 сомго, 70 даана капустаны 20 сомдон 1400 сомго сатышты. Ал эми 100 кг помидорду өздөрүнүн үй-бүлөсү үчүн кыш мезгилине даярдап коюшту. Бул кичи ишкерликтен жалпы 5400 сом таза киреше тапкандыгын топтун жетекчиси Закирова Камила билдирди. Ал тапкан кирешени окуу ачылса балдардын окуу кийимдерин алуу үчүн же үй-бүлөлүк тамак аш үчүн жумшаарын белгиледи. Айта кетчү жагдай бул үй-бүлөлүк топ келечекте дыйканчылык ишкерлигин жолго койсок деген ниетин билдирди. 

1

2

3

4

Эрлан Давлатов, Ош облусу