005.09.2020   17:20

Коронавирус илдети дүйнөгө тарап, коомчулуктун тынчсыздануусун жана адамдардын коркунуч сезимдерин күчөттү, аны менен бирге ар бир өлкөнүн экономикасына өзүнүн олуттуу терс таасирин тийгизүүдө. Бул ооруну алдын-алуу жана андан сактануунун эрежелерин айыл тургундарына жеткирүү максатында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады жана Кызыл-Кыштак айыл аймактарында “Курманжан Датка”, “Керме-Тоо”, “Шарк” биримдиктерине, ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрүнө “COVID-19 таажы вирусу жана аны менен күрөшүү жолдору” аталышындагы онлайн окуу көнүгүмү уюштурулду.

Окуу көнүгүм “Эрайым”АКБнин машыкчысы Батма Жусупова тарабынан даярдалып, жергиликтүү машыкчылар тарабынан дистанттык түрүндө Zoom, WhatsApp мобилдик колдонмолору аркылуу ушул жылдын 20-27-августтарында өткөрүлдү. Окуунун жыйынтыгында машыкчылар катышуучулардын теманы өздөштүрүү деңгээлин аныктоо максатында “Simpoll” сурамжылоо сайты аркылуу кайтарым байланыш жүргүзүштү. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча окууга катышкан 100 катышуучунун 95% теманы эң жакшы өздөштүргөнүн белгилешти.

Бул окуунун таасиринде Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы “Керме-Тоо” биримдиги жана Ишкван айылында уюшулган “Өнүгүү”, “Даанакер”, “Достук” балдар өз жардам тобунун мүчөлөрү WhatsApp мобилдик колдонмосу аркылуу COVID-19 илдети боюнча даярдалган маалыматтарды башкалар менен бөлүшүштү. Окуунун жыйынтыгы боюнча ӨЖТ мүчөлөрү элди тынчтыка, ынтымака жана биримдике үндөп, аталган илдетке каршы күрөшүүгө багытталган флэшмоб өткөрүштү. Бул флэшмобтун алкагында “Үйдө бол”, “Эрежелерди сакта”, “Антисептик колдон” сыяктанган чакырыктарды жасашты. Мындай өнөктүктөр ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрү тарабынан байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Буга чейин 15-июлда ӨЖТ, БӨЖТ мүчөлөрү маалымат жеткирүү иретинде “Стоп COVID-19” маалымат өнөктүгүн өткөрүшкөн.

1

2

3

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу