416.05.2020  12:15

Кыргызстандагы азыркы кырдаал демейки жашоону түп тамырынан өзгөрттү. Кыргызстанда калктын калың катмары каржылык, психологиялык жана экономикалык жактан катаал кыйынчылыктарга дуушар болууда. Ушундай кыйынчылык күндөрү “Эрайым” уюмунун дагы бир өнөктөшү, дүйнөлүк жакырчылыкты жоюу багытында иш жүргүзгөн Австриялык “ICEP” (Долбоорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташтык Институту) эл аралык бейөкмөт уюму жардамга кол сунду. 

Өз кезегинде “ICEP” уюму институционалдык өнүгүү жана өз жардам топторун өнүктүрүү боюнча долбоорлорду колдоо аркылуу “Эрайым” уюмунун өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

“ICEP” уюму “Эрайым” уюмунун керектөөчүлөрүнүн арасындагы социалдык аярлуу муктаж үй бүлөлөргө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү камсыз кылуу үчүн каржылык жардам көрсөттү. Бул сапар даректүү жардам Бишкек шаарынын Ак-Өргөө, Ак-Ордо конуштарында, Ош дубанын Кара-Суу районунда жана Жалал-Абад дубанынын Базар-Коргон районунда жашаган 121 муктаж үй бүлөгө көрсөтүлдү. 

Даректүү жардам өзүнө 20 кг. 1-сорттогу буудай унун, 5 кг. кум шекерди, 5 кг. күрүчтү, 5 кг. макаронду жана 3 литр өсүмдүк майын, ошондой эле ар бир үй бүлөгө 8 жолу кабатталган марлиден тигилген коргонуучу маскаларды камтыды. Маскалар Бишкек шаарынын Ак-Өргөө жана Ак-Ордо конуштарынын жашоочуларына гана таратылды. Жалал-Абад дубаны боюнча күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр Базар-Коргон районунун жергиликтүү дүң базарынан алынды. Ошондуктан ал жактагы баалар Бишкек шаары менен Ош шаарындагы бааларга караганда арзаныраак болду. Акча каражаты үнөмдөлгөндүгүнө байланыштуу Базар-Коргон районундагы керектөөчүлөр 5 литрден өсүмдүк майын алышты. Жардамдын бөлүштүрүлүүсү боюнча жалпы маалымат төмөндөгү жадыбалда берилди. 

№  Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн аталышы  Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн курамы Үй бүлөнүн саны  Жалпы бөлүштүрүлдү 
1. 1-сорттогу буудай уну 20 кг. 121 2420 кг.
2.  Күрүч 5 кг.  121 605 кг. 
3.  Макарон 5 кг.  121 605 кг.
4.  Кум шекер 5 кг. 121 605 кг
5.  Өсүмдүк майы  3 л.  80 240 л. 
6.  Өсүмдүк майы  5 л.  41 205 л.
7.  8 жолу кабатталган марлиден тигилген коргонуучу маска  3 даана  40 120 даана

Ушундай оор күндөрдө бардык жардам алган үй-бүлөлөр жана “Эрайым” уюмунун жамааты “ICEP” уюмуна өздөрүнүн терең ыраазычылыктарын билдирирет.

2

3

1

4

5

6

7

8

9

10

11

“Эрайым Пресс”