011.05.2020   21:34

Азыркы кырдаалдан улам, мектептерде сабак токтоп турат. Антсе да, "Эрайым" АКБнин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн тобу жумуштарын токтотушкан жок. Долбоор боюнча иштеп жаткан ийримдер аралыктан сабактарын графиктен калышпай, жүргүзүп келишти. Мында англис тил ийриминин ийгилиги тууралуу айтпай коюуга болбойт.

Ийрим жетекчиси Айсулуу Орозова ийримдеги окуучулардын ар бири менен онлайн сабактарды үзгүлтүксүз өтүп жатты. Ар бир сабагындагы темалар боюнча видеобаян, слайддарды жасады. Мына ошонун натыйжасында окуучулары Бүткүл Россиялык олимпиадага катышып, алдынкы орунга жетишти. Мисалы, Базар-Коргон районундагы А.Худайбердиев атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу Юлдашева Сахиба 2-орунду, ушул эле мектептин 7-классынын окуучусу Холикулов Мухаммадкадыр 1-орунду камсыз кылды. Ушул эле райондогу Тешебай Исак уулу атындагы орто мектептин 7-классынын окуучулары Нурланбекова Албина менен Абдуллаева Жумагүлдөр 1-орунга, Жалал-Абад шаарындагы Алым Усман атындагы орто мектептин 8-классынын окуучулары Пазилжанов Дилмурод менен Маматжанов Абдуллохтор биринчиликти багындырышты. Мындай ийгилик тим жеринен келген жок. Азыркы кырдаалдан улам, мектептерде сабак токтоп турат. Антсе да, "Эрайым" АКБнин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн тобу жумуштарын токтотушкан жок. Долбоор боюнча иштеп жаткан ийримдер аралыктан сабактарын графиктен калышпай, жүргүзүп келишти. Мында англис тил ийриминин ийгилиги тууралуу айтпай коюуга болбойт. Ийрим жетекчиси Айсулуу Орозова ийримдеги окуучулардын ар бири менен онлайн сабактарды үзгүлтүксүз өтүп жатты. Ар бир сабагындагы темалар боюнча видеобаян, слайддарды жасады. Мына ошонун натыйжасында окуучулары Бүткүл Россиялык олимпиадага катышып, алдынкы орунга жетишти. Мисалы, Базар-Коргон районундагы А.Худайбердиев атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу Юлдашева Сахиба 2-орунду, ушул эле мектептин 7-классынын окуучусу Холикулов Мухаммадкадыр 1-орунду камсыз кылды. Ушул эле райондогу Тешебай Исак уулу атындагы орто мектептин 7-классынын окуучулары Нурланбекова Албина менен Абдуллаева Жумагүлдөр 1-орунга, Жалал-Абад шаарындагы Алым Усман атындагы орто мектептин 8-классынын окуучулары Пазилжанов Дилмурод менен Маматжанов Абдуллохтор биринчиликти багындырышты. Мындай ийгилик тим жеринен келген жок.

1

2

4

5

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу