404.05.2020  11:48

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында психологиялык жана юридикалык кеңештер азыркы кырдаалдан улам аралыктан телефон жана WhatsApp аркылуу жүргүзүлүп жатат.

Азыркы учурда COVID-19 вирусунан улам элдерде коркунуч жана тынчсыздануулар пайда болгондугуна байланыштуу, керектөөчүлөр үчүн психологиялык жактан кеп-кеңештер берилип, ар бир үй-бүлөдө зордук-зомбулукту болтурбоо максатында “Терс сезимдерден арылуу” көнүгүүсү видеоролик телефон аркылуу Өз жардам топторуна жана ата-энелерге чагылдырылып, моралдык жактан колдоо көрсөтүлүп жатат. Балдар өз жардам топтору жана окуучулар үчүн “Жашоо мейкиндиги”, “Өзүндү таанып бил” көргөзмө видео көнүгүүлөрү даярдалып, тайпаларга WhatsApp байланышы аркылуу жеткирилип, балдар тарабынан кайтарым байланыш жүргүзүлүп жатат. Бул жумуштарды аткарууда эксперт-психолог Чынара Термечикова жана өнөктөштөрдөн соцадистер, ИДН кызматкерлери жакындан жардам көрсөтүп биргеликте иш алып барып жатканын долбоор психологу Дилфуза Анарбаева маалымдады.

Ал эми юридикалык жактан долбоордун укук кеңешчиси Дилшод Кадирходжаев учурдагы аткарылып жаткан иш аракеттери тууралуу маалымат берди. Кырдаалга жараша айыл тургундарынын шаарга чыгуу үчүн машруттук уруксат кагазын толутуруу үлгүсүн көрсөтүп берип жана ӨЖТ мүчөлөрүнүн ар кандай маселелерине аралыктан туруп телефондон кеп-кеңеш берип жатканын билдирди. Аны менен бирге аймактагы тамак-ашка муктаж аярлуу үй-бүлөлөрдү аныктап, алардын даректүү жардам алууларына көмөк көрсөтүп, бир топ үй бүлөгө ун, май, макарон жана башка керектүү болгон азыктарды бөлүштүүнү уюштуруп жаткандыгын төгүндөдү. Мындан сырткары жер талаш, жөлөкпул маселелери менен кайрылгандарга юридикалык кеңеш берүү аркылуу алардын көйгөлөрүнүн чечилишине аракеттерди жасап жатабыз – деп кошумчалады Д. Кадирходжаев.

1

2

3

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу