204.05.2020  10:52

"Эрайым"аялдар коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан "Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө" долбоору боюнча Жалал-Абад облусундагы долбоорго кирген мектептерде уюшулган этноансамбль ийрими азыркы кырдаалга байланыштуу аралыктан сабак өтүүнү улантып жатат.

Ийрим жетекчиси Бурул Стамкулованын берген маалыматына караганда аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган алгачкы күндөн эле сабак үзгүлтүккө учураган жок. Ийримге катышкан ар бир окуучу менен ватсап байланышы аркылуу баарлашып, сабактарды жеке өтүп, мурдагы тапшырмаларды кайталап жатышкан. Долбоорго кирген Базар-Коргон райондорундагы үч орто мектепте туруктуу отуздан ашуун окуучу катышып келсе, комуз, ооз комуз, дутар, урма аспап үйрөнүүнү каалаган окуучулар көп. Алар да кезек-кезек байланышка чыгышып, сабак өтүүмдү суранышат. Андайда баш тартууга болбойт. Ошондуктан кошумча сабак өтүүгө туура келүүдө" - дейт, Бурул айым. Азыр сабакты нота менен өтүүгө көп көнүл бурулууда. Себеби, балдардын бардыгынын колунда музыкалык аспаптары жок. Айрымдарына өзүмдүн жеке комуз, ооз комуздарымды бергемин деп кошумчалайт. Сабак ар бир мектептегилерге график менен өтүлүп жатат.

3

4

5

6

2

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу