7

25.04.2020  18:49

Өлкөдөгү акыркы кырдаалдан улам карантиндин талаптарын аткаруу менен "Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери өз милдеттерин аралыктан туруп жүргүзүүнү улантып жатышат. Долбоордун юристи Гулнара Ташиева карантин башталгандан бери жети адам менен аралыктан иш алып барган.

Алардын экөө биринчи топтогу майып, бирөө пенсионер, экөө жалгыз бой аял. Ар биринин кайрылган маселесин карап чыгып, айрымдарын чечип берди. Мисалы, Акман айыл аймагынын тургундары Кариева менен Исмаилова материалдык жардам санашкан. Алардын өтүнүчү айыл аймактын жетекчилигине билдирилип, алар тараптан материалдык колдоо көрсөтүлгөн. Базар-Коргон айылынын тургуну Шарафуддинова жолдошу менен ажырашканына он жыл болгон. Бирок, жолдошу балдары үчүн алимент төлөгөн эмес. Юристтен жардам сурап, жолдошунан алтымыш миң сом өндүрүп берүүлөрүн өтүнгөн. Юрист эки тарап менен аралыктан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, арызданган келиндин жолдошунун ай сайын он миң сом алимент төлөп туруу убадасын алды жана алгачкы төлөмүн төлөгөн. Ушундай эле алимент маселеси менен Жорокулова Зийнат аттуу келин кайрылып, анын маселеси да он жагына чечилген. Көп жылдан бери алимент төлөбөй жүргөн жолдошунан он миң сом өндүрүлдү. Мындан сырткары жер талашуу, жөлөкпул маселеси менен кайрылгандарга юридикалык кеңеш берилди - дейт, юрист Г.Ташиева.

7

Бактыкан Ажымаматова, Жалал-Абад облусу