COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү үчүн Британиялык өнөктөштөрдөн жардам
11.04.2020 16:48
COVID-19 коронавирусун жугузгандардын саны күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күнгө бул коркунучтуу вирусту жуктургандардын саны дүйнөдө 1699490 кишиге жетсе, Кыргызстанда 339 кишиге жетти. Ушундай апат күндөрү “Эрайым” уюмунун чет жердеги өнөктөштөрү уюм иштеген аймактардагы кыйынчылыкка кабылган жалгыз бой аядарга, карыяларга жана муктаж үй бүлөлөргө өз жардамдарын берүүнү улантышууда.
Бул сапар “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин Улуу Британиядагы Клэр Ривс жетектеген Британиянын кайрымдуулук комиссиясынын алдында түзүлгөн “Улуу Британиядан Эрайымга Ишенимдүү Жардам" ("The Erayim Aid Trust UK”) деп аталган UK 1163524 номуру менен катталган Британиялык кайрымдуулук уюму “Эрайым” уюмунун максаттуу топторунун арасындагы муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү.
Кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында Ош дубанынын Кара-Суу районуна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак жана Жалал-Абад дубанынын Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон, Акман айыл аймактарындагы ӨЖТнун арасындагы муктаж 56 үй-бүлөгө 56 кап ун, 280 литр өсүмдүк майы, 56 даана антисептик (ар бир үй-бүлөгө 1 литр), 280 медициналык кол кап (ар бир үй бүлөгө 5 даанадан) жардам иретинде таратылып берилди. Дарыканаларда бет каптардын таңкыстыгына байланыштуу 280 бет кап тигүү үчүн 56 метр марли алынды. Ар бир үй-бүлөгө 5 даанадан бет кап берилет. Бет каптар Базар-Коргон менен Кара-Суу райондорунда “Эрайым” уюмунун Даниялык өнөктөш-демөөрчүсү Питер Марслингдин көмөгү менен ачылган ӨЖТнун тигүү цехтеринде тигилип, таркатылууда.
Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү жана коргонуучу каражаттарды (медициналык бет кап, антисептик, марлилер) “ФРУНЗЕ” гипермаркеттер түйүнү менен “НЕМАН-ФАРМ” дарыканалар түйүнү камсыз кылышты. Ал эми аларды максаттуу топторго жеткирүүдө блок постордон өтүүгө жана айыл аймактарына кирүүгө уруксатты айыл өкмөттөрү уюштуруп беришти.
Ушундай катаал кырдаалда жардам алган 56 аз камсыз болгон үй-бүлө, долбоорго кирген айыл аймактарынын жетекчиликтери жана “Эрайым” уюмунун жамааты Британиянын кайрымдуулук комиссиясынын алдында түзүлгөн “Улуу Британиядан Эрайымга Ишенимдүү Жардам” ("The Erayim Aid Trust UK”) уюмуна өздөрүнүн терең ыраазычылыктарын билдирирет.
Эрайым-Пресс