104.04.2020   20:22

Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 коронавирусу Кыргыз мамлекетине да келди. Кыргыз Өкмөтү анын тарап кетпөөсү үчүн болгон күчүн жумшоодо. Кылынып жаткан аракеттерге карабастан аны жугузгандардын саны күн санап өсүүдө жана бүгүнкү күнгө 144 адамга жетти.

Ушул апат күндөрдө “Эрайымдын” Базар-Коргон, Кара-Суудагы максаттуу топторунун арасындагы муктаж үй-бүлөлөргө коргонуучу каражаттар (медициналык беткап, антисептик), ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн жетишсиз болуп жаткандыгынан улам “Эрайым” уюму дагы “Дүйнөгө нан” уюмунун колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагындагы кошумча резервдик колдоого уруксат алуу аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө максаттуу кайрымдуулук жардам уюштурду.

Бул кайрымдуулук өнөктүктүктүн негизги максаты – COVID-19 коронавирусунун пандемиясына байланышкан оор кырдаалдын Кыргызстанда турукталышына карата Кыргыз Өкмөтүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Кайрымдуулук өнөктүгүнүн алкагында Ош жана Жалал-Абад дубандарындагы Кара-Суу жана Базар-Коргон райондоруна караштуу Мады, Шарк, Кызыл-Кыштак, Базар-Коргон, Акман айыл аймактары, Жалал-Абад шаарына караштуу Ч.Айтматов жергиликтүү аймактык башкаруусундагы ӨЖТнун арасындагы муктаж 64 үй-бүлөгө 64 кап ун, 64 өсүмдүк майы, 68 даана антисептик (ар бир үй-бүлөгө 1 литр), 326 медициналык колкап (ар бир үй бүлөгө 5 даанадан) жардам иретинде таратылып берилди. Дарыканаларда беткаптардын таңкыстыгына байланышуу беткап тигүү үчүн 64 метр марли алынды. Беткаптар Базар-Коргон менен Кара-Суу райондорунда “Эрайым” уюмунун Даниялык өнөктөш-демөөрчүсү Питер Марслингдин көмөгү менен ачылган ӨЖТнун тигүү цехтери жалпы 320 беткап даярдашууда (1 метр марлиден 5 беткап чыгаарын тигүүчүлөр тастыкташты).

Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында автоунаалардын жүрүшүнө чектөөлөр болгондугуна байланыштуу айыл аймактарына кирүүгө уруксатты айыл өкмөттөрү уюштуруп беришти. Ал эми күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү жана коргонуучу каражаттарды (медициналык беткап, антисептик, марлилер) жеткирүүнү “ФРУНЗЕ” гипермаркеттер түйүнү менен “НЕМАН-ФАРМ” дарыканалар түйүнү камсыз кылышты.

Ушундай катаал кырдаалда жардам алган 64 аз камсыз болгон үй-бүлө жана долбоорго кирген айыл аймактарынын жетекчиликтери “Дүйнөгө нан” уюмуна өздөрүнүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

2

3

4

5

6

7

8

9

10

Эрайым-Пресс