Акын-жазуучулар достукту даңкташты
10.03.2020 14:58
3-март күнү 1986-жылдан бери Жазуучулардын эл аралык күнү катары белгиленип келе жатат. “Дүйнөлүк жазуучулар күнүнө” карата уюштурулган “Акын-жазуучулар достукту даңкташат” аттуу иш-чара Кара-Cуу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ишкаван айылында болуп өттү. Ал “Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдиги тарабынан уюштурулуп, ага белгилүү акын-жазуучулар, ӨЖТнын жана БӨЖТнын мүчөлөрү катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты – этностор аралык ынтымакты, достукту бекемдөө жана чыгармачылыкка жол алган жаш таланттарга шык берүү болуп саналат. Кеченин коногу катары чакырылган Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу, акын жана жазуучу Сатканбай Момуналиев кошуна Өзбек республикасындагы кыргыз мектептери үчүн окуу куралдарын чыгарууга, ошону менен бирге эки өлкөнүн достугун бекемдөөгө, илим жаатында кызматташ болууга салымын кошуп келе жаткандыгын билдирди. Ал эми Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы, белгилүү акын Турабай Жороев өзүнүн достук, ынтымак, биримдик тууралуу ырларын окуп берди. Мындан сырткары акын Арзыкан Жабиеванын да мазмуунду ыр саптары кеченин катышуучуларын кайдыгер калтырган жок. Жаш чыгармачыл чөйрөнүн атынан сөз алган акын Бермет Закирова, “Ош садоси” гезитинин редактору Сахиба Шакировалар да өз чыгармачылыктары тууралуу кеп салып, кызыктуу маек куруп беришти.
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси уюштурган этноансамбль ийриминин жетекчиси Гүласал Алиева өзүнүн тобу менен чакан программада концерт тартуулашты. Мында орус, кыргыз, өзбек жана тажик тилдеринде музыкалары жаңырып, келгендердин маанайын ачты. Кеченин соңунда иш чараны уюштуруучулары тарабынан келген конокторго белектер тапшырылды.
Эрлан ДАВЛАТОВ, ОШ облусу