004.03.2020  16:52

Бүткүл дүйнөлүк Социалдык Адилеттүүлүк күнүнүн бир айлыгы жыл сайын 20-февралдан 20-мартка чейин өткөрүлүп келет. БУУнун Башкы Ассамблеясы 20-февралды Бүткүл дүйнөлүк Социалдык Адилеттүүлүк күнү деп жарыялаган. Бул күндү дүйнө жүзүндө, ошондой эле Кыргызстанда да белигилешет.

Аталган күнгө карата “Биздин айылда Социалдык Адилеттүүлүктүн деңгээли” аталышындагы иш-чара уюштурулду. Иш-чарага “Эрайым” АКБнин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Курманжан-Датка”, “Шарк”, “Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдиктеринн мүчөлөрү дагы катышышты.

Иш чаранын негизги максаты Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында буга чейин чечилбей келген социалдык адилетсиздикти жараткан көйгөйлөрдү алып чыгуу жана аларды чечүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына кайрылуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мады айыл аймагынан “Курманжан-Датка” ӨЖТ Биримдигинин мүчөсү Акбермет Түмөнбаева бир топ көйгөйлүү маселелерди көтөрдү: - “Биздин Дормастер айылында мектеп, бала бакча, фельдшердик акушердик пункт (ФАП) жок, эне мектебин ачуу үчүн туруктуу бир имарат таба албадык. Ал эми айылыбыз Ош, Алай, Тажикстан, Кытайга кеткен жолдун боюнда жайгашкан, бир жагы тоолор, бир жагы Машрабсайдын суусу тосуп турат. СССР кезинде жолчулар үчүн эле убактылуу отурукташкан айыл болгон, кийин элдин саны көбөйүп 70 кожолук турган айылга айланган. Мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын саны 140-280 баланы түзөт. Окуучу балдарыбыз 2 км алыстыкта жайгашкан кооптуу жол менен баруучу мектепке барышат. Балдардын тарбиялануусу, ата-энелердин туруктуу иш таап кетүүсү кыйын абалда болуп жатат” – деп билдирди.

Бул социалдык адилетсиздикти жоюу үчүн “Курманжан-Датка” ӨЖТ Биримдигинин мүчөлөрү Мастура Карынбаева Дормастер айылында Куршаб жана Алай жол курулушуна караган кичине имарат бар ошону менчикке өткөн же өтпөгөнүн тактап билип, эгер өтпөгөн болсо Эне мектебин уюштурууну колго алалы деген сунушун айтышты.

“Шарк” ӨЖТ Биримдигинин мүчөсү Максуда айым өз сөзүндө жумушсуздук көйгөйүн көтөрдү. “Эне мектептерин ачуу менен аялдардын иштөөсүнө мүнкүнчүлүк түзүлөт экен. Социалдык долбоорлорду ишке ашырсак, кредит алып ишкерликти үйрөнүү аркылуу жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө салым кошсок” – деген сунушун киргизди.

“Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдигинен келген өкүлдөр Эне мектептеринин электр тарифтерине байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүштү жана маселени чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылуу сунушташты.

Иш-чара соңунда талкууланган көйгөйлүү маселелердин чечүүнүн жолдору боюнча сунуштарды ишке ашыруу үчүн ӨЖТ Биримдиктери тийиштүү органдарга кат жолдоону жана башка иш-аракеттерди пландоону чечишти.

1

2

3

Эрлан Давлатов, Ош областы