104.03.2020  15:57

Жергиликтүү медиаторлорду даярдоо боюнча кезектеги “Медиация. Базалык курс” программасы окуу курсу 2020-жылдын 24-29-февралдар аралыгында Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп өттү.

Окуу курсу Германиянын “Дүйнөгө Нан” эл аралык уюму колдоого алып, “Эрайым” уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук Медиация Борборунун жетекчиси, медиация боюнча дасыккан тренер Гүлсина Кожоярова тарабынан өткөрүлдү. Окуу курсуна медиатор болууну көздөгөн өз жардам топторунун жигердүү мүчөлөрү, “Эрайым” уюмунун Ош областындагы кызматкерлери болуп 11 адам катышты.

Окуу курсу 6 күнгө созулуп, төмөндөгү темаларды өзүнө камтыды: медиацияга киришүү, медиатордун чыр-чатактык ишбилгилиги, медиатордун коммуникативдүү ишбилгилиги, медиатордун эмоционалдык ишбилгилиги, медиация жол-жобосу (процедурасы) жана медиатордун укуктук ишбилгилиги. Ар бир теманын алкагында катышуучулар теориялык түрдө алган билимдерин практикалык түрдө атайын даярдалган кейстер менен бекитишти.

- “Бул алты күндүк интенсивдүү окуу аябай кызыктуу өттү жана бардык катышуучулар үчүн пайдалуу болду. Медиация өнөрүн өздөштүрдүк, эми айыл ичинде чыр-чатактарды алдын алуу боюнча чоң маселе бизди күтүп жатат, чатактан кандай түрү болбосун, алардын тынчтык жолу менен чечилишине болгон аракетибизди көрсөтөбүз” – дейт курстун катышуучусу Дюшеналиева Нарынкул.

Белгилей кетсек, ушул эле курс Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда дагы уюштурулган.

Окуу курсунун аягында катышуучулардын программаны канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн текшерүү үчүн атайын экзамен болуп, курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.

2

3

4

5

6

7

8

Эрлан Давлатов, Ош областы