Үч күндүк окутуу ийгиликтүү жүрдү
03.02.2020 16:20
“Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин эне мектептер боюнча экспрети Дильнара Майгулакова Жалал-Абад облусунда долбоор боюнча иштеп жаткан эне мектептери үчүн үч күндүк окутуу жүргүздү.
Аталган уюм тарабынан ишке ашырылып жаткан “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында ачылган Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарындагы жыйырма эне мектебинин жетекчилери катышты. Мындагы башкы тема жана багыт эне мектептеринде иш кагаздарын туура түзүү, уюштуруу, балдардын тамагын өз нормасы менен берүү, этномаданий иш чараларды өткөрүү, балдарга этномаданий жана нравалык тарбия берүүнү күчөтүү болду.
Үч күндүк окутууда эне мектептеринин жетекчилери мурда билбеген бир топ керектүү жана зарыл нерселерин үйрөнүп, билип алышканын белгилешти. Айрыкча азыркы илимий технологиялык процесс өтө ылдамдык менен алга жүрүп жаткандыгын эске алып, балдардын табитине жараша тарбиялык иштерди күчөтүү, жаңы нерселерди киргизүү, жаратмандык аракеттерди жасоо зарыл экенин билишти. Эне мектептеринин жетекчилери өз иш ордуларында жетекчилик гана кызматын аткарбастан, алар уюштуруучу, аткаруучу да болуусу керектигин билишти. Себеби, алар бул окутуудан үйрөнгөн нерселерин тарбиячыларга үйрөтүп, практика жүзүндө көрсөтүп, колдонуп туруулары зарыл. Тренер Дильнара Майгулакова ушул ирет өткөргөн окутуусунда эне мектептердин жетекчилеринин өзгөчө активдүүлүгүн байкагандыгын, мурдагы окутууларга караганда билим деңгээлдери, иш алып баруудагы жаңычылдык аракеттери да кыйла өскөндүгүн билдирди.
Ар бир сабак теория менен практиканын айкалышы аркылуу жүрүп жаткандыгы, катышуучулар өз колдору менен иш кагаздарын туура толтуруу, иш пландарды түзүү, иш чараларды жүргүзүүгө багыттарды белгилөө жана балдардын табитиндеги ар кандай көргөзмө куралдарды жасоону көрсөтүп жатышты. Ал эми ар кандай майрам жана даталуу күндөргө карата өтүлүүчү маданий иш чаралардын багыты этномаданиятка, улуттук каада салттарга, достук менен биримдикке бурулушу керектиги баса белгиленип жатты.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу