028.01.2020  11:04

Үстүбүздөгү жылдын 20-22-январлар аралыгында Германиянын "Дүйнөгө Нан" уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Эрайым" уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарында иштеп жаткан эне мектептеринин жетекчилери жана тарбиячылары үчүн көнүгүмдөр курсу болуп өттү.

Көнүгүмдөр курсу өзүнө “Жетекчинин уюштуруу иштерин пландоо жана аткарылган иштерге бейлөө жүргүзүү”, “Энелер мектебинин иш кагаздарын алып баруу жана балдардын туура тамактануусу”, “Балдарга этнопедогогикалык билим берүүдөгү заманбап технологиялар” темаларын өзүнө камтыды. Окуу эне мектептери боюнча зертчи, мектепке чейинки билим берүүнүн дассыкан адиси Дилнара Майгулакова тарабынан өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – энелер мектебиндеги жетекчилерге туура иш алып барууну жана аткарылган иштерге туура бейлөө жүргүзүүнү үйрөтүү, ошондой эле мамлекеттик стандарттарга ылайык балдардын тамактануусу көзөмөлдөө жана келечек муунду тарбиялоодо этнопедогогикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Окуунун жүрүшү кызыктуу талкуулоолор, тажрыйба жана пикир алмашуулар менен коштолду. Катышуучулар эне мектептеринде календардык жана жылдык пландарды туура иштеп чыгуу боюнча кичи топтордо иштешти. Өз кезегинде окуунун катышуучулары алган билимдери башка кызматкерлер менен бөлүшүп, күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдоно тургандыктарын билдиришти.

1

2

D.Maygulakova

training participants

participants of training

work in smal groups during the training

work in smal groups during the training2

Эрлан Давлатов
Долбоордун Ош облусу боюнча PR адиси