ӨЖТ Биримдиктерин үчүн үч күндүк окутуу
21.12.2019 13.04
18-20-декабрлар аралыгында Германиянын "Дүйнөгө Нан" уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Эрайым" уюмунун “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун алкагында Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак, Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарындагы 6 ӨЖТ Биримдиктеринин Ордо мүчөлөрү үчүн «Стратегиялык узак мөөнөттүү иш планды иштеп чыгуу» аталышында үч күндүк окутуу Ош шаарында болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты – долбоордун максаттуу индикатору болгон Кыргыз Өкмөтүнүн 2018-2022-жылга чейинки кабыл алынган өнүгүү программасынын негизинде айыл өкмөттөр иштеп чыккан 5 жылдык стратегиялык планга ӨЖТнун Биримдиктери тарабынан кеминде 15 сунушту киргизүүнү ишке ашыруу болуп саналат.
Окутуу «Жарандык катышуу» коомдук фондунун өкүлү, стратегиялык пландаштыруу боюнча эксперт-консультант Аида Курбанова тарабынан өткөрүлдү. Адегенде Биримдик мүчөлөрүнө өз аймактарында кездешкен, чечилүүчү көйгөйлөрдү кантип аныктоо жана аны жергиликтүү бийликтерге сунуштоонун жолдорун, келечек жана жылдык пландарды түзүү багытында кеңири маалыматтарды берди жана практикалык иштерди жүргүздү. Окутуунун жүрүшүндө ар бир ӨЖТ Биримдиктеринин мүчөлөрү үчтөн көйгөйлүү маселени көтөрүп чыгышып, аны чечүүнүн жолдорун аныкташып, жергиликтүү бийлик органдарына берилүүчү сунуштар, иш программалар жана керектелүүчү бюджеттерди иштеп чыгышты. Негизинен бардык аймактарда таза суу, ички жолдордун абалы, балдар бакчаларынын жоктугу, таштанды маселеси, мектептерде жыйындар жана маданий массалык иш чараларды өткөрүүчү жайларды жабдыктар менен камсыздоо, спорт залдын жоктугу жана коопсуздук маселелери көйгөйлүү экендиги аныкталды. ӨЖТ Биримдиктери жергиликтүү аймактар менен биргеликте ушул өңдүү маселелерди чечүүгө өз таасирлерин тийгизип, жардамдарын берүүлөрү каралган. Андыктан маселе тим гана көтөрүлүп, сөз жүзүндө айтылып, кагаз бетинде калбастан, аны ишке ашыруунун жолун издеген сунуштар аныкталды. Аныкталган сунуштар боюнча жергиликтүү чечим чыгаруучу жана аткаруучу органдарга даярдалган кайрылуулардын жиберилүүсү менен демилгелерди ишке ашыруу күтүлүүдө.
Окутууга катышкан ӨЖТ Биримдиктеринин мүчөлөрү көп пайдалуу билим алышканын белгилешти жана бул жерден үйрөнгөндөрүн эң алдын башка мүчөлөргө үйрөтүү менен практикада колдоно тургандыктарын билдиришти.
Бактыкан АЖЫМАМАТОВА
Долбоордун Жалал-Абад облусу боюнча PR адиси