013.12.2019  16:43

Базар-Коргон районунун Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарда иштеп жаткан Эне мектептеринде бөбөктөрдүн шаңдуу майрамдары өтүп жатат. Аны “Күз жана Балаты майрамы” деп аташты. Күз мезгилин жаңы гана узатканыбыз менен бөбөктөр күз айындагы берекелүү дасторконду, суктандырган жаратылышты эстешип, ал сулуулукту сүрөткө түшүрүп, ыр ырдап, бий бийлеп, майрам уюштурушту. Анын артынан эле саналуу күндөн кийин кирип келген Жаңы жыл тосуу майрамын да уюштура башташты.

- “Эрайым” уюму тарабынан ачылган Эне мектептеринин тарбиячылары ар бир күндү кызыктуу өткөргөндү жактырышат. Ошол себептүү даталуу күндөрдү, майрамдарды эч качан унутта калтырышпайт. Ар бир майрамды ар башка ыкмада, кызыктуу уюштурууга аракет кылышат. Изденишет, жаңы табылга табышат. Ошол эле мезгилде балдардын таланты да ачылат. Тартынчаак бала улам ушундай иш чарага катыша берип, такшалып да калат. Кызыгы балдар күз айында кандай жер-жемиштер, жашылчалар быша тургандыгын ажырата алышканын, жашылчалар ден соолукка кандай пайдалуу экендиктерин айтып жатышты. Өз колдору менен түрдүү күз берекесин сүрөткө тартып, аны ата-энелерине белек кылып жатышты. Бул жолу “Раяна”, “Ынтымак”, “Пазилат апа”, “Периште”, “Гүлнара” эне мектептеринде өткөн майрам өзгөчө болду- деп, белгилейт долбоордун Эне мектептери боюнча координатору Дилфуза Назаралиева.

Белгилей кетели долбоордун алкагында Базар-Коргон районундагы эки айыл аймакта жыйырма эне мектеби иш алып барууда. Анын катары дагы өсүүсү ыктымал. Себеби, Эне мектебинин ролу улам айыл жеринде өсүп, калктын суранычы жана муктаждыгы чыгып жатат. Андыктан жергиликтүү тургундардын өтүнүчү бул багытта чоң.

1

2

2 1

3

5

6

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА, Жалал-Абад облусу