121.11.2019  15:09

“Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси элдердин достугун, биримдигин, ынтымагын бекемдөөдө жана элдердин жашоо шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүүдө жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташууну бирден бир негизги мерчем катары колдонот.

Бул жаатта “Эрайым” уюму Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюмунун колдоого алган “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун 3-фазасынын алкагында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак, Мады, Шарк айыл аймактарында тегерек столдорду уюштурду. 

Тегерек столдорго айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, айыл башчылары, жергиликтүү депутаттар жана ӨЖТ Биримидиктеринин өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын негизги максаты: Долбоор аймактарындагы айыл өкмөттөрүнүн 5 жылдык мерчемдик болжомун ӨЖТ Биримдиктеринин мүчөлөрүнө тааныштыруу, анын негизинде кызматташуу багыттарды белгилөө жана жергиликтүү калктын ынтымагын, достугун, биримдигин бекемдөө менен айыл жашоосун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ӨЖТ Биримдиктеринин иш болжомдорун киргизүү.

Тегерек столдор үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрында Кызыл-Кыштак айыл аймагында “Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдигинин катышуусу менен, 12-ноябрында Мады айыл аймагында “Курманжан-Датка” ӨЖТ Биримдигинин катышуусу менен, 13-ноябрында Шарк айыл аймагында “Шарк” ӨЖТ Биримдигинин катышуусу менен уюштурулду.

Иш чаранын жүрүшүндө ар бир айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери 2017-2021-жылдар аралыгына карата иштелип чыккан 5 жылдык айыл аймакты өнүктүрүү мерчемдик болжому менен катышуучуларды тааныштырышты. Мында ӨЖТ Биримдиктеринин мүчөлөрү жигердүү талкуулооорго катышышып, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышты: - “Керме-Тоо” ӨЖТ Биримдигинин мүчөсү Авакан Нишанова Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы негизги көйгөйлөргө токтолуп, айылда банк ачуу, газ түтүктөрүн оңдоп түзөөдөн өткөрүү керектигин айтты. Мады айыл аймагындагы “Курманжан Датка” ӨЖТ Биримдигинин мүчөсү Санжыра Пусарова болсо Мады айылында кичи ишкерликти өнүктүрүү багытында сүттү кайра иштетүү, мал чарбачылыкты өнүктүрүү үчүн айыл өкмөт менен биргеликте кичи гранттарды тартып келүү сунушун киргизди. “Шарк” ӨЖТ Биримидигинин мүчөсү Муфазал Ходжаева айылдагы №16-Абу Али ибн Сино атындагы мектепти жаңылоо максатындагы иш-аркеттерин жана социалдык көйгөлөрүн чечүү керектигин белгиледи. Ал эми “Новбахар” ӨЖТ мүчөсү Тургунов Адылжан айылда элдердердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө максатында айыл өкмөт менен биргеликте маданий иш-чараларды уюштуруп, зордук-зомбулук, диний экстремизмге каршы эл арасында түшүндүрүү иштерин алып барууну сунуштады.

Иш чаранын соңунда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл башчылар ӨЖТ Биримдиктери иштеп чыккан иш болжомдордун негизинде жогоруда айтылган сунуштарды карап, көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргеликте кызматташууга жана чогуу аракетешүүгө макулдашышты.

2

3

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу