118.11.2019  19.22

2019-жылдын 8-10-ноябрлар аралыгында Германиянын “Дүйнөгө нан” эл аралык уюму колдоого алган “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин “Салттык жана заманбап усулдарды айкалыштырып колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун жана ынтымагын бекемдөө” долбоорунун үчүнчү фазасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк, Мады, Кызыл-Кыштак айыл аймактарындагы долбоор алкагында ачылган Эне мектептеринин жетекчилерине жана тарбиячыларына үч күндүк (24 сааттык) окуу көнүгүм болуп өттү.

Окуу көнүгүм долбоордун Эне мектептери боюнча эксперти, мектепке чейин билим берүүнүн тажрыйбалуу адиси Дильнара Майгулакова тарабынан өткөрүлдү. Окуу көнүгүм “КРнын мектепке чейинки билим берүү концепциясы”, “Үй-бүлө менен педагогдордун өз ара аракетешүүсү”, “Өзгөчө кырдаалдар учурунда мектепке чейинки балдардын коопсуздугун жана жүрүм-турумун көзөмөлдөө” темаларын өзүнө камтыды. Окуу көнүгүм Шарк айыл аймагындагы №16-Абу Али ибн Сино атындагы мектебинде уюштурулуп ага Эне мектептеринин 9 жетекчиси жана 9 тарбиячысы болуп жалпы эсепте 18 адам катышты. Мында Д.Майгулакова “КРнын мектепке чейинки билим берүү концепциясы” жөнүндө маалымат берүү менен жаңы ыкмаларды колдонуу аркылуу иш пландарды (күндүк, айлык, кварталдык жана жылдык) иштеп чыгууну жана баланы өнүктүрүү үчүн окутуу усулдарын жакшыртуу үчүн окуу көнүгүмдөрдү өтүүлөрүн баса белгилеп, эне мектептеринде аларды колдоонуу жөнүндө кенээн маалымат берип кетти.

Көнүгүм учурунда жетекчи, тарбиячылар тарабынан сунуш пикирлер айтылып, анда “Даткайым-Илим” эне мектебинин жетекчиси Касиет Адыкова ата-энелер менен кантип иштешүү ыкмалары тууралуу катышуучуларга өзүнүн тажрыйбасын бөлүштү. Ал эми балдардын коопсуздугу боюнча катышуучулар төрт тайпага бөлүнүп, кырсыктардын түрүн жазып, катышуучулар менен талкуулап балдардын коопсуздук эрежелерин кантип сактоо керектиги тууралуу программа иштеп чыгышты.

Аталган үч күндүк окуу көнүгүмдүн негизги максаты Энелер мектебиндеги жетекчилердин, тарбиячылардын билимин жогорулатуу, ата-энелер менен иштөөнү жакшыртуу, иш пландарын туура иштеп чыгуу, мектепке чейинки балдардын жана кызматкерлердин коопсуздугун көзөмөлдөө эрежелерин туура сактоосу жана билүүсү тууралуу кенээн маалымат берүү экендигин тажрыйбалуу машыкчы Д.Майгулакова белгилеп өттү.

2

3

4

5

6

Эрлан Давлатов, Ош облусу